Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Грузиянын президенти Аджариянын жетекчилигине шарт койду


Михаил Саакашвилинин билдиргенине караганда, Аджар автономиясынын лидери Аслан Абашидзе анын талаптарына бүгүн түнгө чейин жооп бериши керек. Саакашвилинин айтымында, ал Грузиянын президенти катары өзүнүн жана башка расмий өкүлдөрдүн Аджариянын аймагында эркин жүрүүсүн, аджар тургундарына көз карашын эркин билдирүүсүнө, парламенттик шайлоо кампаниясын эркин өткөрүүсүнө уруксат берилүүсүн талап кылууда. Эгер алар борбордук өкмөттүн бийлигин тааныбаса, Аджариянын аба жана деңиз мейкиндиги, автономиянын жетекчилигине тиешелүү банк эсептери жабылат. Кечээ эртең менен президент Саакашвилини куралчан адамдар Аджариянын аймагына киргизбей койгондон кийин, Грузиянын армиясы күжүрмөн даярдыкка келтирилген эле. Бирок грузин президенти Аджариянын үстүнөн көзөмөлдү тынчтык жол менен орнотууну көздөөрүн белгиледи:

-Аджария тарапта куралчан адамдар, оор куралдары жана снайперлери бар аскердик катерлер жүрөт. Биздин милдет- чатакты чечүүнүн тынчтык жолун табуу. Экинчи жагынан баары билиши керек – биз эч убакта Аджариянын Грузиядан бөлүнүүсүнө жол бербейбиз. Мен Грузиянын биримдигин сактоо үчүн колдон келгендин баарын жасайм.

М. Саакашвили ошондой эле Орусияга бул чатакка кийлигишпөөнү эскертти. Ал эми Орусия тышкы иштер министрлиги кечээ кырдаалдын курчушу үчүн жоопкерчиликтин баары Грузияга жүктөлөөрүн билдирген.

XS
SM
MD
LG