Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:15

Төрөкул Дооров, Москва Орусияда кечээ (14-март күнү) өткөн президенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыктары белгилүү боло баштады. Мурда жоромолдонгондой, президент Владимир Путин өз кызматын дагы төрт жыл аркалоого мүмкүнчүлүк алды. Айрым атаандаш талапкерлер өз натыйжасына ыраазы болсо, калгандары бийликтин бюрократтык машинеси Путин үчүн иштеп берди деп Кремлди сынга алышууда.

Президенттик шайлоонун жыйынтыгы буга чейин күтүлгөндөй эле, талапкерлер ортосунда чоң ажырым менен жыйынтыкталды.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы Москва убактысы боюнча саат 17лер чамасында жалпы өлкө боюнча шайлоочулардын жогору активдүүлүгүн белгилеп, шайлоону ырасмий түрдө өттү деп тааныды.

Комиссия 14-марттан 15ине оогон түнү саат 12:00де берген маалыматка ылайык, биринчи орунду Владимир Путин ээлеп, 69,3% добуш топтой алды. Андан соң 14,9% добуш менен коммунисттик партиянын атынан көрсөтүлгөн талапкер Николай Харитонов, ал эми үчүнчү орунда Сергей Глазьев турат, ал акыркы маалыматтарга ылайык 4,3% добуш топтогон. Ирина Хакамадага 3,9% шайлоочулар добушун берсе, Олег Малышкиндин талапкердигин шайлоочулардын 2,4% колдоду. Ал эми акыркы орунда азырынча 1% га жетпеген добушу менен Сергей Миронов турат.

Маалымат ар бир саатта жаңыртылып турат. Ал эми акыркы ырасмий жыйынтыкты Борбордук шайлоо комиссиясы 25-мартка чейин жарыялоого тийиш.

Анткен менен негизги жеңүүчүнүн аты белгилүү болду. Ал – Орусиянын буга чейинки президенти Владимир Путин. Талапкерлер шайлоо боюнча алгачкы жыйынтыктар тууралуу төмөнкүчө ойлору менен бөлүштү.

Коммунисттик партиянын атынан талапкердикке көрсөтүлгөн Николай Харитонов негизинен, шайлоонун жыйынтыктарына ыраазы экенин билдирди:

- Биздин башкы атаандашыбыз – учурдагы президент Путин болду. Ошондуктан бул күрөштө экинчи орунду алуу деле жаман эмес.

Ал эми дагы бир талапкер Сергей Глазьев башкача ойдо:

- Бул жолу да биз тикелей, ачык шайлоону өткөрө албадык. Президенттик шайлоодо да парламенттик шайлоодогудай эле көптөгөн катачылыктар кетирилип, административдик басым чексиз колдонулду.
XS
SM
MD
LG