Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:08

Өкмөт жазгы айдоо иштерине кам көрө баштады


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү ушул жылдагы жазгы айдап себүү иштерин ырааттуу жүргүзүү боюнча токтом кабыл алды. Ага ылайык Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлиги мамлекеттик үрөн фондусунан кайрак жерди иштеткен дыйкандарга үрөн бөлүп берүүгө жана анын акысын ушул жылдын 1-декабрына чейин кайтарып берүү тууралуу кредиттик макулдашууларды түзүүгө милдеттендирилди. Андан тышкары министрлик бардык үрөнчүлүк чарбаларын аттестациялоодон өткөрүп, тизмесин экономикалык өнүгүү жана өнөр жай министрлигине берүүгө тийиш. Ал эми каржы министрлиги бир айдын ичинде жер семирткич алып келген жана агротехникалык кызмат көрсөткөн тараптарды кошумча нарк салыгынан бошотуу тууралуу Салык кодексине өзгөртүү киргизүүгө милдеттүү болду.

XS
SM
MD
LG