Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:03

Башкы прокуратура кредиттерди кайтарууга шымалана киришти


БИШКЕК. Кыргызстандын башкы прокуратурасы 1-апрелге чейин алынган кредитти кайтарып бербей жаткан ар бир факт боюнча иликтөө жүргүзүп, кредит берген банктар менен алардын жетекчилеринин аракеттеринин мыйзамдуулугун териштирүүнү тартип коргоо органдарына тапшырды. Андан тышкары кредит берүүгө тиешеси бар улуттук банк баштаган каржы мекемелери кредиттерди кайтарып алуу боюнча конкреттүү иш пландарын иштеп чыгууга милдеттендирилди. Мындай чечим башкы прокуратуранын өткөн апта аягында болгон координациялык кеңешинде кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Ал маалыматка караганда, мындай чечим кабыл алууга берилген кредиттерди кайтаруу боюнча өлкөдө түзүлгөн кыйын кырдаал түрткү болду. Маселен, Кыргызстанда кредит берүү боюнча иш алып барган төрт банк тарабынан 38 долбоор үчүн 11,5 миллион доллар берилген. Ушул айга чейин анын 4,5 миллиону гана кайра кайтарылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG