Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Бишкек-Ош жолу түнкүсүн жабылат


БИШКЕК. Кыргызстандын гидрометеорология башкармалыгынын кабарлоосуна караганда, 15-марттан 17-мартка чейин Ош, Жалалабад, Баткен облустарында сел жүрүшү мүмкүн. Ошондой эле Ош-Бишкек авто жолунунун 120-, 138-, 198-, 260-чакырымдарында кар көчкү жүрүү коркунучу сакталууда. Буга байланыштуу өкмөт башчы Николай Танаевдин буйругу менен Ош-Бишкек жолунда атайын посттор уюштурулуп, ары бери каттаган автоунаалар эртең мененки саат алтыдан кечки саат он тогузга чейин гана өткөрүлүп, жүргүнчүлөрдүн түн ичинде жүрүүсүнө тыюу салынды. Бул тууралуу Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

XS
SM
MD
LG