БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев баштаган парламенттик делегациянын Иран ислам республикасындагы ырасмий сапары башталды. Бул күнү делегация Ирандын президенти Сейед Мухаммад Хатами, межилистин спикери Ходжат-ул-эслам Мехди Карруби жана экс-президент Али-Акбар Хашеми Равсанжани менен жолугушту. Анда Кыргызстан менен Ирандын жана бул эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы кызматташуу тууралуу сөз болду. Делегация эртең соода министри, кыргыз-иран өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын теңтөрагасы Мухаммад Шариат-Модари, билим берүү министри Тоуфики менен жолугушат. Андан тышкары Тегеран университетине барышып, ал жерде спикер Абдыганы Эркебаев окуу жайдын окутуучу-профессорлорунун алдында сөз сүйлөйт. Кыргыз делегациясы Иранга бул өлкөнүн парламентинин төрагасынын чакыруусу менен барат жана анын курамында жети депутат бар.