Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:24

Президент А.Акаев Польшага кетти


БИШКЕК. Бүгүн президент Аскар Акаев баштаган делегация Польшага ырасмий сапар менен жөнөп кетти. Курамында беш министр, Жогорку кеңештин эки депутаты, 12 ишкер жана башка мекеме жетекчилери кирген делегация Польшада үч күн болуп, бул өлкөнүн президенти Александр Квасневски, премьер-министри Лешек Миллер, парламентинин жетекчилери Марек Боровски, Лонгин Пастусяк менен жолугушат. Сапар учурунда 2004-2006-жылдарда маданият, билим берүү жана илим тармагында Кыргызстан менен Польшанын өкмөттөрүнүн ортосунда кызматташууну аткаруу программасына жана айыл, суу жана кайра иштетүү боюнча кызматташуу протоколуна кол коюлат. Сапар маалында А.Акаев Ягеллон университетинде жана Польшанын ишкер чөйрө өкүлдөрү менен жолугушууда сөз сүйлөйт.

XS
SM
MD
LG