Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:53

Орусиядагы шайлоого кыргызстандык саясатчылардын пикири


БИШКЕК. Орусияда өткөн президенттик шайлоодо Владимир Путиндин көпчүлүк добуш менен өз атаандаштарын жеңип чыгышына карата кыргызстандык саясатчылар түрдүү пикирлерин билдиришүүдө. «Коммунисттер» партиясынын лидерлеринин бири, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбековдун пикиринде, орус эли Владимир Путинди элдин байлыгын өз кызыкчылыгына пайдаланган олигархтарга каршы чечкиндүү күрөшүп, өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын оңдоого жетишкендиги үчүн колдошту. Ал эми депутат Алишер Абдымомуновдун пикири боюнча, Владимир Путиндин экинчи жолу шайланышына анын жалпы орус элине үлгү болуучу адамдык сапаты жана Орусиянын геосаясаттагы кадыр-баркын чыңдоого жетишкен ийгилиги себеп болду. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Самат Бөрүбаевдин пикиринде, Владимир Путин соңку төрт жылдын ичинде өзү же өзүнүн үй бүлөөсү үчүн эмес, жалпы эл үчүн кызмат кылып, коррупцияга каршы күрөшкөндүгү үчүн кайра шайланды.

XS
SM
MD
LG