Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:19

Нарын облусунда жоголгон тик учакты издөө уланууда


БИШКЕК. Нарын облусунун Атбашы районундагы "Муз төр» чегара тосмосунан 20 чакырым алыстагы тоо арасына кар көчкүдөн улам камалышкан 22 аңчыны куткаруу максатында барган тик учак тууралуу эч кандай маалымат жок. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министлигинин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, 22 аңчы соңку эки күндөн бери тоо арасынан келе албай жатышкан. Аларды куткарууга бүгүн барган тик учак саат бирден элүү минут өткөндө аңчыларды салып алып, тоо арасынан учуп чыккандыгын маалымдаган. Аба ырайынын кескин бузулушуна байланыштуу саат экиден 30 миңут өткөндө тик учак менен байланыш үзүлгөн. «Ошондон бери алардан кабар жок», деп маалымдады «Азаттыктын» кабарчысына Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматчысы Эмил Акматов. Анын айтымында, тоо арасында камалган аңчылардын арасында АКШнын эки, Канаданын бир, Кыргызстандын он тогуз атуулу болгон. «Учурда атуулдук коргонуу башкармалыгынын кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүүдө. Азырыча жоголгон учак тууралуу маалымат ала элекпиз», деп кошумчалады Эмил Акматов.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG