Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:36

Орусиядагы кечээки президенттик шайлоодо мамлекет башчысы Владимир Путин, күтүлгөндөй эле, басымдуу көпчүлүк менен жеңип чыкты. Шайлоодон кийин Путин кабарчылар менен жолугуп, көп партиялуу демократияны улантууга жана сөз эркиндигин коргоого убада кылды. Кабарларда айтылгандай, бийликтер шайлоочуларды шайлоого катыштыруу үчүн жиндиканалардан бери добуш берүү бекеттерин ачып, жан сабап иштешти.

Жекшемби эч кандай деле күтүлбөгөн жаңылык алып келген жок. Шайлоочулар бийликтер үмүттөнгөндөй жапырт катышпаса да, мурдатан айтылып келгендей, президенттик шайлоодо Владимир Путин жеңип чыкты. Борборшайлоокомдун алдын-ала эсептөөсү көрсөткөндөй, 14-мартта шайлоого жалпы шайлоочулардын 65 пайызга жакыны келди жана алардын 70 пайыздан ашыгы В.Путинге добуш берди. Шайлоонун толук жыйынтыгы 10 күндүн ичинде белгилүү болот.

Эсептөөлөр оор-топондоп калган түн ортосу ченде Путин пресс-конференция өткөрүп, шайлоочуларына ыраазылык билдирди:

- Meн сиздерди буга чейин кандай иштеп келсем, келээрки төрт жылда да ошондой иштейм деп ишендирем жана сөз берем. Мен өкмөттүн да натыйжалуу иштеши үчүн колумдан келгенди жасайм. Биздин элдин демократиялык жетишкендиктери, албетте, сакталат жана кепилденет деп убада кылам.

Путинден кийин коммунисттердин талапкери Николай Харитонов экинчи болуп келди. Ал добуштардын 15 пайызын алды. "Ата мекен" партиясынын өкүлү Сергей Глазьев менен оңчул-борборчулдардын талапкери Ирина Хакамада төрт пайыздан чогултушту. Улутчулдардын талапкери Олег Малышкин эки пайыз менен бешинчи орунга илинди. Ал эми парламенттин жогорку палатасынын төрагасы Сергей Миронов бир пайыз да чогулта албай, эң артта калды.

Дагы мындай кызыктуу сандар белгилүү болду. Шайлоочулардын төрт пайызга жакыны "бардык талапкерлерге каршы" добуш беришти. Чоң шаарларда элдин 55-60% пайызы добуш берсе, элетте бул көрсөткүч 70-80 пайызга жетти. Бирок 89 пайыз добуш бердик деп жарыялаган Чеченстандын маскөөчүл администрациясы баарын таң калтырды окшойт.

Шайлоочуларды кызыктыруу үчүн бийликтер ар кыл айма-амалга барышты. Добуш берүү бекеттерине бекер автобус каттатып, рок-концерттерди уюштурушту, лотерея ойнотушуп, арзан азык-түлүк саттырышты. Владивостокто алтургай психиатриялык ооруканада жаткандарды колунан алып ээрчитип келип, атайын курулган шайлоо бекеттеринде добуш бердиришти.

Ал эми айрымдар бийликтер ар түркүн жолдор менен көз карандысыз байкоочулардын жолун торошконун айтышууда. Орусиянын биринчи президенти Борис Ельциндин маалымат катчысы болгон Павел Вощанов азыр "Шайлоого көзөмөл жүргүзүү" борборун жетектейт:

- Орусияда бүгүн шайлоого атуулдук көзөмөл жок. Биз таң калган жокпуз, бирок өкмөт жана өкмөткө жакын турган көптөгөн саясий күчтөр мындай көзөмөлгө жол бербөө үчүн баарын жасашканы өтө жагымсыз жана кооптондурган факт болуп калды.

Ал эми төртүнчү болуп келген Ирина Хакамада федералдык казынадан келчү каражаттын көлөмү шайлоого катышкандардын санына көз каранды экендигин кыйытышып, аймактык бийликтерге борбордон катуу кысым жасалганын билдирди:

- Өкмөттүн бир да баскычтарында каражат ачык бөлүштүрүлбөйт. Баары сиздин өкмөт менен мамилеңизге жараша болот. Ошондуктан эгер тескери тыянак менен келсеңиз, сиздин субсидияларды кыркып, башка аймактарга берип салышат. Башкача айтканда, шайлоочулар үчүн эмес, федералдык бүжөт үчүн таймаш жүрөт.

Ал эми экинчи болуп келген коммунист Николай Харитонов шайлоо жыйынтыгы аны канааттандырганын билдирди жана Путиндин өкмөтү шайлоочулардын арасындагы Коммунисттик партиянын таасири менен эсептешип, азыртадан эле социалдык саясатын өзгөртүп жатат деп ырастады. Жакында жаңы премьер-министр Михаил Фрадков апрелден тартып пенсиялар 132 рублга же беш долларга жогорулаарын жарыялаган.
XS
SM
MD
LG