Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:02

Грузия менен Ажария ортосундагы чатак ырбады


Ажар автономиясынын лидери Аслан Абашидзе чукул кырдаал жана коменданттык саат киргизүүнү жарыялады. Бул билдирүү Грузиянын президенти Михаил Саакашвили бүгүн өкмөттүн чукул жыйынын өткөрүп, Ажар автономиясы менен чатакты талкуулагандан кийин жасалды.
Кечээ куралчан кишилер президенттин жолун тороп, аны Ажарияга койо бербей коюшкан эле.
Саакашвили Ажар бийлиги борбордук өкмөттү таанысын деген шарт койуп, аны аткаруу үчүн бир күндүк мөөнөт берген. “Андай болбогондо, автономия камоого алынат жана ажар жетекчилигине таандык банк эсептери жабылат”, - деп эскерткен ырасмий Тбилиси.
Грузин аскерлери күжүрмөн даярдык абалына келтирилип, Ажария менен чегарага жайгаштырыла баштады. Грузин бийлиги ошондой эле Москвага жаңжалга кийлигишпей туруу жөнүндө эскертти.
Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюму тараптарга кайрылып, талашты сабырдуулук кылып, тынч жолу менен чечүүгө үндөдү.

XS
SM
MD
LG