Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:01

Варшава Испан өкмөт башчысынын демилгесине жооп кайтарды


Польша Ирактагы кырдаал жакшырмайынча, өз аскерлерин чыгарбай туруу чакырыгы менен бир катар мамлекеттерге кайрылды. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Богуслав Майевски Иракты турукташтыруу жараяны коалициянын бардык аскерлерин чыгарып кетүүгө өбөлгө түзөт деген Варшаванын үмүтүн билдирди. Польшанын НАТОдогу элчиси Ийржи Новак Испания өз жоокерлерин алып чыгып кетсе, польшалык аскерлер түштүк Ирактагы командачылыкка жетекчилик кылууга даяр экенин билдирди.
Эртең менен болсо өлкөнүн чалгындоо кызматынын өкүлү Збигнев Семятковски Ирактагы согушка аралашуу менен Польша террор коркунучуна кептелди деген пикирин ортоого салган эле. Анын айтымында, жергиликтүү коопсуздук органдары, жалпы калк дагы ыктымал террор чабуулдарына жетиштүү деңгээлде даяр эмес. Семятковски өлкө аймагы боюнча коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн белгиледи.

Испания сыңары Польша дагы Иракка басып кирүүнү колдоп, ал жерге өз жоокерлерин жиберген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG