Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:37

Россиядагы шайлоо демократиялык талаптарга толук жооп берген жок


Бүгүн Россиядагы президенттик шайлоого байкоо салган Европа миссиясынын башчысы өкмөтчүл маалымат каражаттары калыс эмес өнөктүккө салым кошту деп билдирди. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму менен Европарламенттин парламенттик ассамблеясынын байкоочулар тобунун жетекчиси Юлиан Пиил Яатс шайлоо нукура демократиялык шайлоо жараянынын принциптерине толук жооп берген жок деди:

- Шайлоо чыныгы демократиялык шайлоо жараяны талап кылган принциптерди чагылдырган жок. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму менен Европарламенттин саясий талкуу жана плюрализм өңдүү демократиялык шайлоого таандык талаптары камсыздалган жок.

Анын ырастоосунда, орус жетекчилиги жашыруун добуш берүүнү жана маалымат каражаттарынын бейтараптуулугун да камсыздай алган жок.
Кечээки шайлоодо президент Путин дээрлик 71 пайыз добуш менен атаандаштарын жеңип чыкты.
КМШ өлкөлөрүнүн байкоочулар тобун жетектеген Юрий Яров болсо добуш берүү эркин, демократиялуу жана айкын болгонун белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG