Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:57

КЫРГЫЗСТАН АЙРЫМ ЭЛАРАЛЫК УЮМДАРГА МҮЧӨЛҮК АКЫ КАРЫЗ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Айрым маалыматтарга караганда, Кыргызстан жүзгө чукул ар кыл өңүттөгү эл аралык уюмдарга мүчө. Мыйзам чыгаруу жыйынына кыргыз өкмөтү эл аралык финансы уюмдарга мүчөлүк акы жөнүндө мыйзам долбоорун жөнөттү. Палатанын каржы комитетинин бүгүнкү жыйынында ал мыйзам долбоору талкууга алынды.

Улуттук банк менен өкмөт түшүндүргөнгө караганда мыйзам эл аралык каржы уюмдары менен болгон мамилени бир нукка салат. Ага ылайык Эл аралык валюта кору, Дүйнөлүк банк өңдүү уюмдар менен иш алып барууга каржы министрлиги жооптуу болуп, ал эми айрым башкаруу иштери Улуттук банкка да тапшырылмакчы. Жогорку Кеңештин депутаты Марат Султановдун айтымында, эгер мыйзам кабыл алынса ал аркылуу тартип орнотууга болот. Анткени мындай чоң каржы уюмдарына майда чиновниктерден бери кирип барышчу болду. Марат Султановдун айтымында, саясий салмагы чоң чиновниктер деле бул багытта жарлык чыгаруу демилгеси менен президентке кирип, эл аралык ири долбоорлордун милдетин алышчу болду. "Жада калса элчилерден бери ушул маселеге киришчү болду" - дейт М. Султанов.

Жыйында катышып отурган Бөрүбай Жураев уюмдарга мүчөлүк акы төлөө маселесин козгоп чыкты. Жыйындан соңага микрофон сундук:

- Жыйында маалым болгондой, эгер кээ бир ири эларалык уюмдарга мүчөлүк акыны өздөрү көтөрүп атса анда жакшы экен. Бирок Кыргызстан дүйнө жүзүндөгү уюмдардын баарына мүчө болуп алды окшойт.

Кыргызстан соңку кезде эл аралык уюмдарга мүчөлүк акыны төлөөгө каражат таба албай кыйналууда. Муну премьер-министр Николай Танаев өкмөт жыйынында да бир нече жолу белгилеген. Вице-премьер министр Кубанычбек Жумалиев мындай карыздардан кутулуу жөнүндө атайын кеңешме өткөргөн. Электробайланыш боюнча эл аралык биримдик, дүйнөлүк почта биримдиги, байланыш тармагында аймактык шериктештик деген өңдүү уюмдарга болгон карызды жоюу боюнча акыл калчап көрүп, акыры "Интелсат" эл аралык долбоорунун чегинде каражат караштырууга токтолушкан.

- Эл аралык уюмдарга мүчөлүк акы төлөш үчүн мамлекеттик казынадан акча каралат, бирок ошол да жетпейт, - дейт Марат Султанов.

Анын оюнда курнамысты таштап, айрым уюмдардан чыгуу керек. Ал каржы министри кезинде мамказынадан 40 миллион доллардан ашык каражат бөлүнчү экен. А турмушта мүчөлүк акы үчүн 100 миллиондон ашык доллар зарыл.
XS
SM
MD
LG