Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:32

ОРУСИЯДАГЫ ШАЙЛОО ТУУРАЛУУ ПИКИРЛЕР БИР ЖАКТУУ ЭМЕС


Орусиядагы президенттик шайлоодон кимдин утуп чыгаары, атаандашка чыккандардын кимиси канча добуш алаары негизинен башында эле дайын болчу. Постсоветтик республикалардын дээрлик баарында дурус кабылданган Орусиядагы президенттик шайлоо батыш маалымдоо каражаттарында кыйла эле сынчыл маанайда кабылданды. В.Путинден башка талапкерлерге маалымдоо каражаттарында бирдей мүмкүнчүлүк түзүлбөгөнү, каражат жагынан колдоого алынбаганы айтылды.

Орусиядагы президенттик шайлоо даярдыгы узакка созулган жок. Шайлоо алдында атаандаштарынан айырмаланып иштеп аткан президент В.Путин бетме-бет телеайтыштарга чыкпады, эл аралып үгүт-насаат иштерин жүргүзбөдү. Кайсы бир Орусиянын облус, районуна чаап барып, эл чогултуп, кадырман карылардын көңүлүн албады. Президенттин төрт жылы анын эл алдында эмне иш кылганын айгинелей тургандыгын айтып, кызматтык ишинен алаксыбады.

Шайлоонун кандай болорунан шек кылбаган бийлик каршылаштарынан В.Путинге атаандаштыкка да аз киши чыкты. Шайлоонун алгачкы жыйынтыгы көрсөткөндөй, добуш берүүгө катышкандандардын отуз пайызга жакыны В.Путинге атаандаш чыккандарды колдой турушкандыктарын, ал эми үч жарым пайыз шайлоочу талапкерлердин бир да бирөөн жактырбастыгын билдиришти.

Алдагыдай көрсөткүч канткен күндө да 100% бираз жете бербеген добуш менен атаандаштарын утуп алуунун кыныгын алган Борбор Азия республикаларынын «альтернативасы жок» президенттери, аларга опсуз чоң колдоо көрсөткөн мамлекеттик кубаттуу машина үчүн азыноолок сабак болушу керек. Профессор Салижан Жигитовдун пикиринде, Орусиядагы президенттик шайлоо нака демократиялык салтта өткөн жок.

- Беш-алты жылдын ичинде 40%, жок дегенде 35% добуш ала алчу киши чыкпаса, мунун өзү да трагедия. Илгертен падышага, диктаторго көнүп калган орус эли кимди бийликтин башына келтирип койсо эле ошого добушун бере берет. Ким бийликтин башында турса эле ошону шайлай берет. «Выборщик» деген болгон мурда, кыргыздагы «шайлоо» деген сөз ошондон чыккан. Чындыгында тандоо болуш керек эле.

Кыргызстандын толук ыйгарым укуктуу элчиси Ишенбай Абдуразаков В.Путиндин калк арасындагы кадырынын жогорулап кетишине ириде анын чоң өлкөчүл саясат жүргүзгөнү, Б.Ельциндин айрым аша чапмайларын жайгарып, кадыресе либерал экономикалык реформаларды жүргүзгөнү себеп болду деп эсептейт:

- Путиндин рейтингинин жогору болуп калганы бул табигый иш. Себеби, мына 12 жылдан бери Орусиянын эли көп нерсени көрдү. Тартиби жок демократияны да көрдү. Элдин, өлкөнүн байлыгын талап-тоноп кетүүнүн мисалдарын да көрдү. Ошондо кээ бир жетекчилер көрүп туруп көрбөмүш, билип туруп билбемиш болду. Ал аз келгенсип, көмөктөшүп жиберген учурлары болду. Ошолордун баарын көргөн эл мына эми ошолордун баарын оңдоп, эл үчүн кызмат кыла турган кишини көксөп калган болчу буга чейин. Ошон үчүн шайлоого чейин эле В.Путиндин кылган иштерин жактап, аны колдоп жүрүшкөн.

Постсоветтик республикалардагы президент шайлоо негизинен бирдей эле өтөт. Бийликте отурган президент өзү бийликтен кетмейин аны шайлоо жолу менен эч ким түшүрө албайт. Бул тууралуу Салижан Жигитовдун пикирин угуп көрсөк:

- Бизге Орусиянын өрнөгү абдан маанилүү. Себеби калган республикалардын баары белимчи. Орусияны туурап белимчилеп эле отура берет. Анан Орусиянын өзү демократиялык өнүгүштүн позициясынан чыгып башкаларга мамиле жасашы керек. Анан кайсы жерде авторитардык режим болсо ошого каршы күрөшүп турса, реакция жасап турса жакшы болот эле. Бирок В.Путиндин өзүнүн журтбашылардан, Казакбашы, Кыргызбашы, Түркмөнбашылардан айырмасы жок.
XS
SM
MD
LG