Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:13

АБАКТА ОТУРУП КАЗА ТАПКАН АТУУЛДУН ӨЛҮМҮ ИЛИКТЕНҮҮДӨ


"Фридом Хауз" эларалык уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Ош жана Жалалабад облустарындагы райондук ички иштер бөлүмдөрүндө айыптуу деп шектелип кармалгандарды тергөө учурунда милиция кызматкерлери уруп-сабаарын билдирди. Укук коргоочулардын маалымдашынча, Карасуу шаардык ички иштер бөлүмүндө 28 жаштагы карасуулук атуул мыйзамсыз күч колдонуунун кесепетинен мерт болгон.

Кыргызстандагы адам укугун коргоочу бейөкмөт уюмдар убактылуу абак жайлары боюнча мониторинг өткөргөндө күнөөкөр деп шектелип камакта отургандардын күнөөсүн мойнуна алдырыш үчүн тартип коргоочулар ур-токмокко алып, күч колдонушаарын билдиришти. "Фридом Хауз" уюмунун билдиришинч, үстүбүздөгү жылдын 21-февралынан 22-февралга караган түнү Ош облусундагы Карасуу шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу абагында 28 жаштагы Улугбек Кадыровдун сөөгү табылган. Анын башындагы жаракаттан, денесинин көгала болушунан, кабыргаларынын, колунун сынышынан медициналык экспертиза ур-токмоктон улам мерт болгон деп жыйынтык чыгарган. Бул иш тууралуу
"Фридом Хауз" уюмунун «Укук коргоочуларды колдоо» долбоорунун директору Стюарт Кан ал окуя тууралуу пикирин билдирди:

- Фридом Хауз уюму көз карандысыз иликтөө жүргүздү. Биздин басма сөз каражаттары боюнча кеңешчибиз бул ишке тиешелүү адамдар менен байланышып, ур-токмоктон каза болгон адамдын сөөгү тартылган видео тасманы алып келген. Мыйзамсыз кыйноо тууралуу милиция тарапты жана укук коргоочулар тарапты макалада чагылдырдык. Мен кыргыз өкмөтүнөн мыйзамсыз кыйноолорго көз карандысыз иликтөө жүргүзүп, жыйынтык чыгаруусун өтүнөт элем.

Улугбек Кадыровдун өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатканын Ош облустук прокурорунун орун басары Фархад Сайдалиев бүгүн «Азаттыкка» билдирди.
Бул окуя тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын катчысы Жеңиш Ашырбаевдин маалыматы мындай:

- Бул боюнча ички иштер министрлигинин түштүк аймагы боюнча өздүк коопсуздук курамы тергөө ишин жүргүзүп, аны 3-мартта аяктады. Анын бүтүмү тууралуу чечимди бүгүн алдык. Андан сырткары, Ош облустук прократура тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Кадыровду ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери уруп-сабады деген туура эмес. Өздүк коопсуздук курамдын жүргүзгөн тергөө ишинде "кылмышка күнөөлү деп шектелип, кармалгандар убактылуу абакта бири-бири менен мушташып, анын натыйжасында өлдү", деген жыйынтык чыгарылган. Бирок ички иштер кызматкерлери ошого жол бергендиги үчүн күнөөлөнүп жатат.

"Фридом Хауз" уюму маалымдагандай, Ош, Жалалабад облустарынын айрым райондорундагы убактылуу абактарында кармалган, кылмышка шектүү деп айып тагылган адамдарга да милиция кызматкерлери мыйзамсыз күч колдонуп, кыйнаган учурлар кездешкен.

XS
SM
MD
LG