Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:51

ОРУСИЯДАГЫ ШАЙЛООНУН ООМАТЫ


Азиза Турдуева, Бишкек Орусиянын өлкө башчылыгына шайлоочулардын көпчүлүк добушу менен кайрадан Владимир Путиндин шайланышын кыргызстандык саясатчылар мыйзамченемдүүлүк катары кабыл алышууда.

Айрым саясатчылардын пикиринде, президент Путин тарабынан жүргүзүлгөн ички жана тышкы саясаттын ырааттуулугу, саясий, экономикалык, социалдык тармактардагы реформаларды жүргүзүүдөгү аракеттер анын экинчи ирет президент болуп шайланышын шарттады. Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаровдун пикирине көңүл бурсак:

- Орусиянын шайлоочулары өзүнүн президентин туура тандап алышты. Анткени бүгүнкү күндө В.Путин Орусия саясатчыларынын арасындагы жалгыз лидер болуп эсептелет. Өткөн жылдарда Путин тунук, ачык-айкын реформа жүргүзүп келаткандыгын көрүп жатабыз. Албетте бир топ кемчиликтери бар. Бирок бир системадан экинчи системага өтүүдө айрым кемчиликтер орун алат.

Ал эми парламенттин депутаты Ташболот Балтабаев Владимир Путиндин коррупцияга каршы күрөшүүдөгү бир катар чечкиндүү кадамдары элдин колдоосуна ээ болду дейт:

- В.Путиндин ири көлөмдөгү акча каражаттарын ичип-жеген коорупционерлерге каршы күрөшүүсү, мисалы, айрым олигархтардын чет өлкөлөрдөгү банкттардагы эсептерин жабышы элдин колдоосуна ээ болду. Ошондой эле В.Путин президент болгондон берки акыркы 3-4 жылдын ичинде Орусиянын экономикасында олутуу өзгөртүүлөр болду.

Президенттин администрация жетекчисинин биринчи орун басары Болот Жанузаков да Оруясиянын эли президентти туура тандап алды деген көз карашта:

- Улуу Орусиянын эли акылмандык менен президенттикке кайрадан В.Путинди тандап алды. Муну менен туура кадам жасалды. Бул жогорку ишеним. Путин жүргүзгөн саясаты, иши, эмгеги менен бүткүл Орусиянын ишенимине татыктуу болду. Эл туура чечим кабыл алды.

Ошол эле учурда В.Путин өлкө башчылыгына административдик ресурстарды пайдалануу менен шайланды деген пикирлер да бар. “Атуулдук коом коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилованын пикиринде, Орусиядагы президенттик шайлоодо да, парламенттик шайлоонун учурундагыдай эле административдик ресурстар пайдаланылды:

- В.Путин жеңишке административдик ресурстарды ачык пайдалануу менен жетишти. Башынан эле түшүнүктүү болгон: бүт үгүт кампаниясы бир гана талапкер үчүн болоору. Мына бүгүн ошондой шайлоонун натыйжасын көрүп атабыз. Путиндин жеңиши - президенттик жана аткаруу бийлигинин жеңиши.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, Кыргызстан коммунисттер партиясынын жетекчиси Апсамат Масалиевдин пикиринде да президенттик шайлоодо административдик ресурстар пайдаланды. Бирок А.Масалиев президент Путиндин жүргүзүп жаткан саясатын оң баалайт:

- Ачык айтканда - шайлоодо көбүнчө административдик ресурстар пайдаланылды. Себеби жер-жерлердеги бийликтегилер бул кишиге көз каранды. Экинчиден, Путиндин аркетин туура баалоо керек. Ал түшүнүү менен элдин турумушуна көңүл буруп жатат. Жеп-ичкенден алыс болуп иштеп атат. Анын туугандары же үй-бүлөсү бир иштерге аралышыптыр, же бирөөлөрдөн бирдеме алат экен дегенди уга элекпиз. Бизге окшоп жеп-ичкен аларда жок. Мына ушу фактылар да ага аброй алып келип жатат. Анын үстүнө Путин Ельцинден айырмаланып, оппозициянын ой-пикирин да эске алып иштеп атат.
XS
SM
MD
LG