Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:01

ПУТИНДИН ЖЕҢИШИ, ПОЛЬШАДАГЫ ПРЕЗИДЕНТ, «ДОРДОЙДОГУ» ШААР


Кабыл Макеш, Бишкек шаары 16-мартта чыга турган “Агым” басылмасына өлкөнүн суу ресурстарын пайдалануу боюнча пикирлерге орун берилсе, “Аалам” гезити “Бийликтин бийик сересинде” деген макала жарыялап жатат. Ал эми 15-марттагы “Дил ордосу” Орусиядагы президенттик шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө баяндады.

16-мартта чыгууга даярдалып жаткан “Агымда” Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Темир Сариев менен баяндамачы Алым Токтомушев жакында болуп өткөн Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын жооптуу жетекчилери менен болгон суу ресурсттарын пайдалануу боюнча кеңешмедеги каралган маселелер тууралуу маектешет. Ушул басылмада дагы кандай макалаларга орун берилип жаткандыгы тууралуу басылманын жооптуу катчысы Гүласина Каленова буларды айтып берди:

- Биринчи жана экинчи беттерде «Попоросуң барбы?» деген рубриканын астындагы ар кыл суроолорго адистер жооп беришет. Ишемби күнү өткөн агрардык реформага арналган конференциядан алынган баяндама да бар. Мамлекеттик тил мыйзамы боюнча депутаттар Адахан Мадумаров менен Зайнидин Курмановдун пикирлерине орун берип жатабыз.

Шейшембиде басууга даярдалып жаткан “Аалам” саясий баяндамачы Кенжалы Сарымсаковдун агрардык реформага арналган конференциясынан даярдаган макаласына орун берүүдө. «Аалам« гезитинин жаңы санындагы макалалардын мазмуну тууралуу редактордун орун басары Кенжебек Арыкбаев мындай дейт:

- Темирлан Кылычтын «Бийликтин бийик сересинде» деген макаласы, Аида Надырбекованын чындык издеп, сотторго ишенбей Кочкордон бери жөө келаткан фермердин тагдыры тууралуу укук коргоочу Качкын Булатов менен уюштурган маеги жана «Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын эшиги жабык» деген макалалар жарык көрүүдө.

15-марттагы “Вечерний Бишкек” басылмасы өлкөнүн президенти Аскар Акаевдин Польшада башталган ырасмий сапары жөнүндө кенен жазды. Сапар Кыргызстан менен Польшанын ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий байланышты чыңдоо максатын көздөйт. Кыргызстанга инвестиция тартуу үчүн польшалык ишкерлердин форуму да өткөрүлмөкчү.

“Бишкекте айыл чарбасы боюнча биринчи көргөзмө ачылды”, деп жазат кабарчы Эльза Ким. “Өлкөдөгү агрардык-жер реформасынын 10 жылдыгына арналган көргөзмөдө Орусия, Белорусиядан алынып келинген айыл чарба техникалары, запастык тетиктер, өсүмдүктөрдүн үрөнү, жашылча-жер жемиштерди зыянкечтерден коргоочу каражаттар коюлду. Өлкөнүн дыйкандары, ишкерлери алар менен ортомчусуз түз байланышка чыгууга мүмкүнчүлүк алышты”, дейт автор.

Ушул эле басылмада кабарчы Оксана Семеняктын Бишкектеги “Дордой” базарынын генералдык планы түзүлүп, өзүнчө архитертуралык соода-комплекси болуп, кайра куруулаарын баяндаган макаласы жарык көрдү. “Мындан 12 жыл мурда башаламан түзүлгөн базар, эми иретке келтирилип, көчөлөрү кеңейтилип, ыңгайлуулуктар түзүлүп, кайрадан реконструкцияланып, 20 миңдей адам иш менен камсыз болмокчу” дейт автор.

15-марттагы “Дил ордосу” басылмасында кабарчы Айдар Козуев Орусиядагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы менен окурмандарды кененирээк тааныштырып, «жеңишке жетишкен Владимир Путин бийликтин эки тизгин, бир чылбырын кайрадан колго алганын” жазат. “Албетте, административдик күч колунда, бийлик беш манжасында тургандан кийин дүйнө коомчулугу күткөндөй эле болду” дейт автор.
Басылма ошондой эле Аксы окуясынын чыгыш себептерине байланыштуу ар түрдүү пикирлерге орун берди. “Окуянын чыгышы Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине байланыштуу. Бул маселени биринчи Азимбек Бекназаров көтөрүп чыккан. Ошондон улам Азимбек Бекназаров камалып, анын камалуусуна каршы Аксы эли көтөрүлгөн" дейт укук коргоочу Турсунбек Акун.

“Дил ордосу” басылмасынын кабарчысы Толкун Мусалиева Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров менен да ушул темада маектешкен. “Ошол Аксы окуясына жол берген бийликтеги адамдар ордуларында олтурат. Ок чыгарган, буйрук берген адамдардын өздөрү кайра кылмыш ишин тергешти. Ошондуктан али күнгө чейин эч жыйынтык чыккан жок” дейт депутат Азимбек Бекназаров.
XS
SM
MD
LG