Йошка Фишер кечээ Женевада БУУнун адам укуктары боюнча комиссиясынын жылдык жыйынынын алгачкы күнүндө сүйлөдү. Ал өз сөзүндө Орусия бийликтери террорчулукка каршы күрөш маалында адам укуктарынын биринен сала бири бузулушуна жол бергенин белгиледи. Европа биримдиги Женевадагы жыйында Чеченстан боюнча резолюция кабыл алууну сунуштаары күтүлүүдө.