Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:23

Иран МАГАТЭнин өкүлдөрүн өлкөгө кийирүүгө макул болду


Бул тууралуу МАГАТЭнин башчысы Мохаммед эл-Барадей билдирди. Ал Вашингтондон кабарчылар менен болгон маегинде буларды айтты:

- Эгер алар өз ишин ачыктоону, программасы тынчтык максатты гана көздөөрүн көргөзгүсү келсе биз менен кызматташуудан башка жол жок. Мен алар МАГАТЭнин испекциясын убактысынча токтотуу жөнүндөгү чечимди кыска убакыттын аралыгында кайра карап, өзгөрткөнүнө ыраазымын жана биз Иранга ушул айдын 27синде кайтып барабыз.

Тегеран өткөн аптага белгиленген инспекцияны, МАГАТЭ Иранды өзөктүк программасына байланышкан маалыматтарды жашырганы үчүн сынга алгандан кийин токтоткон болчу. АКШ Иран өзөктүк курал программасын жашыруун жагдайда өнүктүрүп жатат деп ырастап келүүдө.

XS
SM
MD
LG