Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:05

Грузия Ажарияга каршы экономикалык санкция киргизүүдө


Грузиянын президенти Михаил Саакашвилинин билдиргенине караганда, санкциялар Ажар автономиясынын өкмөтүн каржылык колдоодон ажыратуу үчүн убактылуу киргизилүүдө. Ага ылайык маселен Ажариянын аймагындагы - Кара деңиздин жээгиндеги порт жана мунай терминалы пайдаланылбайт.

Грузин президенти Михаил Саакашвилини ушул жекшембиде куралчан адамдар Ажариянын аймагына өткөрбөй коюшкан эле. Бул окуядан кийин Грузиянын аскерлери күжүрмөн даярдыкка келтирилип, ал эми ажар лидери Аслан Абашидзе автономия аймагында өзгөчө кырдаал жарыялаган. АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл дүйшөмбү күнү М.Саакашвили менен телефондо сүйлөшүп, грузин президентин кырдаалдын курчушуна жол бербөөгө чакырды.

XS
SM
MD
LG