Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:48

КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫН СӨӨГҮН МУЗЕЙГЕ КОЙГОН ХАГЕНС АКТАЛДЫ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Германиянын Гейдельберг прокуратурасы илимпоз Гюнтер фон Хагенсти мыйзамдуу жолдор менен алынып келинген адам сөөктөрү менен иштеген деп жыйынтык чыгарды. Кыргызстандыктардын сөөгүн дагы «адам денесинин сырлары» деп аталган музейге койгон немис окумуштуусуна түрмөлөрдөн, психиатриялык ооруканалардан чыккан өлүктөрдү туугандарынын уруксаты жок пайдаланган деген айып тагылууда. Кыргыз коомчулугу Гюнтер фон Хагенсти Германиянын укук коргоо органдары актаганын кандай кабыл алышты?

Иликтөөчүлөрдүн ырасташынча, Гюнтер фон Хагенс Кыргызстандан бир адам сөөгүн 10 еврого сатып алчу. Өзүнүн айтымында ал Кыргызстанга баш аягы 1 миллион евро алып келди. Адам сөөктөрүн экспорттоо боюнча ызы-чуунун убагында бул немис доктурдун дайыны чыкпай кеткен. Көрсө Германияда кылмыш иштери менен алек болуп жүргөн экен.

Байкоочулардын баамында Германияда ага каршы төрт кылмыш иши козголгон. Биринчиси, шаар борборундагы аянтчага таң эрте музейиндеги адам сөөктөрүнөнө жасалган экспонаттарды коюп койгондугу үчүн, экинчиси - жеке адамдын кайрылуусу боюнча. Бул эки сот ишинде тең ал утуп чыгыптыр. Экинчисинде менин тууганымдын сөөгүн уруксатсыз коюп алды деген кишинин айыптары далилденбей калып отурат. Үчүнчү кылмыш иши башка мамлекеттерден, анын ичинде Кытайдан жана Кыргызстандан адам сөөктөрү мыйзамсыз жолдор менен алынып келингени жөнүндө. Германиянын Гейдельберг прокуратурасы бул жерде Хагенсти актап чыкты. Немис прокурорлорунун айтымында, аны менен иштешкен чет жактагы мекемелердин баары адам өлүктөрүн жөнөтүүгө толук укуктуу болуп, ага мыйзамдык жактан бардык шартты түзө алышкан. Ал эми төртүнчү кылымыш ишинде Гюнтер фон Хагенстин күнөөсү мойнуна коюлуп, 140 миң евро айып төлөдү. Бу жолу ага академиялык наамды өз кызыкчылыгына пайдаланды деген айып тагылды. Гюнтер фон Хагенс өзүн профессор дегени менен аны Германияда профессор катары таанышпайт. Ал эми Кытайдагы бир университет жана Кыргызстандын медициналык академиясы берген профессорлук наамды немис юристтери эсепке алышкан жок.

Кыргыз парламентинде адам сөөктөрүн сатууну иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия ишин аяктап, анын документтери прокуратурага өткөрүлгөн. Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков прокуратурада кылмыш иштери козголуп, тергөө жүрүп жатканын билдирди. Бирок, Хагенстин жеке өзүнө карата айыптоолор жок.

- Кептин баары биздин адистерде болуп атпайбы? Мисалы, Германиядан атайын бизге келип иликтешкен жок да. Карашса келишим турат, бажы, салык жана башка органдардан уруксат кагаздар бар, бир карасаң баары мыйзамдуу сыяктуу болуп атпайбы. Туугандарынын уруксаты жок дайынсыз жоголуп кеткен адамдардын сөөгүнөн бери сатып ийген бул жактагы адамдар менен ишти териштириш керек.

Адам сөөгүн музейге койгон окумуштуу Германияда прокуратура тарабынан акталышын кыргыз коомчулугу ар кыл өңүттө кабыл алды. Медицина илимдеринин доктору Рысбек Абдылдаевдин ою мындай:

- Мен Германияга барганда бир күн кечке туруп кезектин узундугунан анын музейине кире албай калгам. Кыргыздын тарыхында болбогон, менталитетине туура келбеген нерсени жасады. Кыргызстандыктардын сөөгү менен акча тапты, эмне биздин өлкөгө же ошол адамдардын жакындарына жардам берип койдубу? Бул адамга кечирим, актоо деген болбош керек.

Ал эми катардагы карапайым адамдар эмне дейт? Бишкектиктерге микрофон сунганыбызда алардын басымдуу бөлүгү «мындайды күтүүгө болот эле, Германия өз атуулдарын коргой билген мамлекет» деген ойду айтышты. Кай бирлер кыргыздардын сөөгүн мыйзамсыз жол менен алып кеткен адамды эл аралык сотко бериш керек десе, айрымдар баарына кыргызстандык адистер күнөөлүү дешет.

Хагенстин адам сөөктөрү музейи 1996-жылы ачылган. Дүйнө жүзүн көчмө музей катары кыдырган учурда аны 14 миллионго чукул адам көргөн.
XS
SM
MD
LG