Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:33

АКСЫ АЛААМАТЫНЫН 2 ЖЫЛДЫГЫ, АГРАРДЫК РЕФОРМАНЫН 10 ЖЫЛДЫГЫ, ПРЕЗИДЕНТТИН КЫЗМАТ МӨӨНӨТҮ


Кыргыз басылмаларында бул ирет Аксы алааматынын эки жылдыгы жана агрардык реформанын он жылдыгы тууралуу материалдар арбын жарыяланды. Президент А.Акаев жаңыланган айыл чарбасы реформанын үчүнчү этабына киргенин жарыя кылды. Аксы алааматы кандайча чыкканы, эл менен бийликтин тирешүүсү кайгылуу аяктап, ага күнөөлүүлөр эмдигиче жазаланбай келатышканы айтылууда. Президент А.Акаевдин бийлик мөөнөтү, Орусияда соода кылып жүргөн мекендештерибиздин мүлкү өрттөлүп кеткени тууралуу маалыматтар жарыяланды.

Шейшембидеги “Республика” гезити Аскар Акаевдин президенттик мөөнөтүнүн аякташына 591 күн калганын жазып чыкты. Басылмада Аксы окуясынын 2 жылдыгы, анын күнөөкөрлөрү эмдигиче жазаланбай келатканы тууралуу материалдар топтомуна орун берилген. Депутат Азимбек Бекназаров гезитте жарыяланган маегинде 2002-жылдын 16-мартында бардык облустардан Аксы районуна 3 миң аскер алып келишкенин, мындай аракет башкы колбашчыныны уруксаты жок жасалбастыгына токтолгон.

Гезитте Аксы алааматынын чоо-жайы, милиция огунан курман болгондордун сүрөттөрү, жарадар болгондордун тизмеси жарыяланган. Аксы окуясын иликтөө максатында түзүлгөн коомдук комиссиянын мүчөсү Бермет Букашева “Бийликтин жанталпасы” деген баяндамасында жөнжай адамдарды өлтүргөндөр жогортон түшкөн буйрукту аткарышкандыгын, алар өз элин аянбай жазалашкандыктарына токтолгон.

“МСН” гезити жаңы санында АКШга барышкан кыргызстандык саясатчылардын иш сапарынын натыйжасын орусиялык маалымдоо каражаттары кандай чагылдырганын талдоого алды. Журналист Рина Приживойт президент А.Акаев сааты келгенде кызматтан кетээрин ачык айтканы менен, азырынча бийликти жат колго бербөөнүн амалын жасап жатканын жазды. Анын кызматтан кетишин жанындагылары каалабайт деп белгилейт макала автору.

Кыргызстандын жер реформасынын он жылдыгына арналган жыйында президент А.Акаевдин сүйлөгөн сөзүн “Эркин тоо”, “Слово Кыргызстана” гезиттери жарыялады. Президенттин айтымында, 1991-1993-жылдары 18 миң дыйкан чарбасы түзүлгөн. 2000-жылы Кыргызстандагы дыйкан чарбалардын саны 180 миңге жетти. 2,5 миллиондон ашуун айыл калкы же 510 миң үй-бүлө жер үлүштөрүн алышты.

А.Акаев айыл чарба реформасындагы олуттуу кемчилик катары асыл тукум мал жана үрөн чарбалары жаңыланбагандыгын мисалга тарткан. 2000-жылдан тарта айыл чарба реформасы артка кетип, майда чарбалардын өндүргөн продукциясы чоң киреше алып келе албастыгын айгинеледи, артыкбаш өндүрүүдөн дыйкандар зыян тартууда. Ушу тапта республикада 286 миң дыйкан жана жамааттык чарбалар катталган. Президент Кыргызстан үчүн кооперацияны өнүктүрүү маанилүү деп эсептейт.

“Кыргыз туусу” гезити шейшембидеги санында Сабырбек Акматовдун “Тили бузулгандын дили бузулат” деген макаласы жарыяланды. Исхак Раззаковдун тушунда Кыргызстанда орус мектептеринде кыргыз тили жумасына үч жолу окутулуп, кош тилдүүлүк өкүм сүрчү. “Кыргыз тилине кайдыгерлик кийинки убактарда “формасы улуттук, мазмуну социалисттик” деген советтик идеологиянын таасири эмес, республиканы дээрлик чейрек кылымга жакын башкарган аксакалыбыздын кыргыз элине калтырган кешиги болду окшойт”, деп жазат макала автору.

Кыргызстанда сугат жер өтөле аз. 1970-жылы республикадагы киши башына 44 сотук жер туура келсе, азыр ал 26 сотукту гана түзөт деп белгилейт “Слово Кыргызстана” гезитинде Б.Кылычбеков. Өткөн жылы республика боюнча 210 миң гектир жер иштетилбей калды. Көпчүлүк жер сазга айланып, жарактан чыгууда.

Президент А.Акаевдин Польшага сапары башталганын шейшембидеги “Вечерний Бишкек” гезити маалымдады. Басылманын дагы бир кабарына караганда, Орусиянын Магнитогорск шаарында соода кылып жүрүшкөн үч жүздөй кыргызстандыктардын 350 миң долларлык товары күйүп кеткен. 100гө жакын адам болгон товарынын баарынан ажырап, айрымдары Кыргызстанга кайтып келээрге акча-тыйыны жок отурушат.
XS
SM
MD
LG