Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:29

КАНТКЕНДЕ АКСЫДАГЫДАЙ АЛААМАТТЫН АЛДЫН АЛУУГА БОЛОТ?


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Аксыдагыдай кайгылуу окуяларды болтурбаш үчүн атуулдук коом менен күч органдары кандай аракеттениши керек? «Эл аралык толеранттуулук» корунун Жалалабадда өткөргөн семинарына улуттук коопсуздук кызматынын, ички иштер министрлигинин адистери жана укук коргоочулар, бейөкмөт жана саясий уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Мыйзам бузулбаса, талабы орундалып турса эл толкубайт. Семинардын негизги жыйынтыгы ушул болду көрүнөт. Аксы районундагы «Энелер кыймылы» уюмунун төрайымы Дилбар Момункулованын баасы боюнча бийликтегилер эл мүдөөсүнө анча көңүл бурбай жатышат:

- Баарыбыз - эл да, жетекчилер да милдет-укугубузду туура түшүнсөк, туура аткарсак, башаламандык болбойт. Тескерисинче, бийлик башындагылар карапайым калктын кыйналганын, алардын максат-мүдөөсүн, талабын билип турса да түшүнгүлөрү келбейт.

Элдик толкундоо учурунда Аксы окуясындай кырды бычак кырдаал түзүлбөш үчүн көтөрүлгөндөрдүн мүдөөсүн изилдеш керек. Ички иштер министрлигинин коомдук уюмдар менен иштөө башкармалыгынын жетекчиси Осмонаалы Күрөңовдун пикиринде элдин көбү мыйзамды сактоого үйрөнө элек:

- Биринчиден, эмне үчүн баш ийбөөчүлүк болду? Баш ийбеген тарап эмнени каалап жатат? Алардын каалоосу аткарылабы-аткарылбайбы? Ушул жагына көңүл буруш керек.

Жыйында айтылгандай атуулдук коом менен тартип сакчыларынын ортосунда олуттуу маселелер бар. «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулованын оюна караганда ички иштер министрлигинин кызматкерлери ишенимден чыккан:

- Милиция аткаруу бийлигине баш ийгендиктен алар менен атуулдук коомдун ортосундагы бири-бирине түшүнбөөчүлүк жана карама-каршылык бүгүнкү күндө да бар.

«Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын президенти Эдил Байсалов милиция менен көпчүлүк өз ара бирин бири түшүнүүгө умтулууга тийиш дейт:

- Бизге бири-бирибизди уга билүү, өз ара түшүнүшүү жетишпей жатат.

Семинардын жүрүшүндө митинг, пикет учурунда эле эмес, дайыма иштей турган кеңеш бере турган орган түзүлдү. Ал тууралуу укук коргоочу Турсунбек Акундин пикири:

- Улуттук коопсуздук кызматынын жана ички иштер министрлигинин адистери менен атуулдук коомдун өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ уюштурулду. Апрель-май айларында ал топ максат-милдеттерибизди түшүндүргөнү өкмөт менен президенттик администрацияга, Жогорку Кеңешке кайрылмай болдук. Тополоң учурунда гана эмес, дайыма иштөөчү көз каранды эмес кеңешме түзүлдү.
XS
SM
MD
LG