- Эмил мырза, кырсык тууралуу кененирээк айтып берсеңиз?
- Акыркы маалыматтарга таянсак, Нарын облусунун Атбашы районунун Музтөр аймагында кар көчкү болгон. Анда калган аңчыларды куткаруу максатында экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин тик учагы учуп барган. Аңчыларды салып алып кайра келатканда учак кырсыкка кабылып, каза болгондор жана оор жаракат алгандар бар. Тик учак кечээ Акбейит белинде кырсыкка учураган. Аны биздин министрликтин, АКШнын элчилигинин жана чегара кызматынын издөө тобу бүгүн тапты. Тик учак кулаган жерде 2 адам каза болуптур. Алардын бири - экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинин абада учуу кызматынын башчысы Юрий Крапушин, ал эми экинчиси - жергиликтүү мергенчи экен. Анын аты - жөнү азырынча тактала элек. Кырсыктан дагы 7 адам өтө оор жаракат алышкан. Калган 13 адамдын да абалы жеңил эмес дешүүдө.
- Кырсык эмнеден улам болуптур? Кандай божомолдор бар?
- Кырсык аба ырайынын катаал шартынан жана тик учактын тез конууга техникалык мүмкүнчүлүгү жетпей калгандан улам болгон деген маалыматтар бар. Ошондой эле, ал аймактын жаратылышы да катаал болуп, ал да себеп болгон. Биздин адистердин айтымында тик учакты кайра оңдоп, иштетүүгө мүмкүн эмес, ал жарактан чыгып калыптыр дешүүдө.
- Министрликтин тик учагы аңчыларды куткарыш үчүн барганбы же алар менен бирге аңчылык кылып жүрүштү беле?
- Аңчылыкка баргандар эки күн бою калыңдыгы 2 метр келген кар көчкүнүн алдында жатышкан. Алардын бирөөсүнүн чөнтөк телефону бар экен, аны менен жардам сурап Бишкекке чалышкан. Бул маалымат бизге да жетип, жетекчилердин уруксаты менен тик учак аларды куткарыш үчүн барган.