Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:24

Баткенде керектөөчүлөрдүн көйгөйү күч


БАТКЕН. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча жыйын өттү. Анда керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча мыйзамдын облус аймагында аткарылышы жөнүндө сөз жүрүп, өлкө борборунан алыс тургандыктан облус калкы көпчүлүк учурда кымбат жана сапатсыз буюм-тайымдарды, тамак-аш азыктарын сатып алууга аргасыз экени, облус борборундагы базарлардын, коомдук тамактануучу жайлардын, мончолордун абалы талапка жооп бербестиги, муну менен керектөөчүлөрдүн укугу бузулуп жатканы белгиленди. Санитардык эрежелердин так сакталбаганынан улам облуста ичкелте, бруцеллез, күйдүргү сыяктуу жугуштуу илдеттер көбөйүп жатканы айтылды. Жыйын соңунда абалды жакшыртуу үчүн керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча координациялык кеңеш түзүү зарылдыгы белгиленип, бул боюнча облустук акимчилик атайын токтом даярдап жатканы айтылды.

Жаңылыктар топтомун Бүбүкан Досалиева, Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Кубат Оторбаев.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG