Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:02

Салык реформасына байланыштуу семинар өтөт


БИШКЕК. 17-мартта Бишкекте «Кыргызстандагы салык реформасы» аттуу семинар өтөт. Анда Салык кодексининин жаңы редакциясы жана Кыргызстандын салык саясатынын келечек багыттары талкууга алынат. Семинарга тиешелүү министрлик, мекеме кызматкерлерден тышкары донор мамлекеттердин, эл аралык каржы институттарынын өкүлдөрү катышат. Анда Орусиядагы «Өткөөл мезгилдеги экономика» институтунун директорунун орун басары Синельников-Мурильев салык саясатынын учурдагы багыттары тууралуу маалымат берет. Орусиялык иликтөө институтунун өкүлү Эл аралык валюта корунун сунушу менен чакыртылды. Эл аралык валюта кору кыргыз өкмөтүнө аталган институт менен кызматташып, анын теориялык жана практикалык көрсөтмөлөрү менен иштөөнү сунуш кылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG