Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:45

Евробиримдиктин өкүлү Кыргызстанга келет


БИШКЕК. Эртең Кыргызстанга Европа биримдигинин тышкы иштер боюнча комиссары Кристофер Паттен келет. Тышкы иштер министрлигинен алынган маалыматка караганда, ал президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев, тышкы иштер министри Аскар Айтматов жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушат. Анда Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы жана Европа биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы байланыштар тууралуу сөз болот. Кристофер Паттендин Борбор Азия мамлекеттерине сапарга чыгаар алдында, өткөн жума күнү тараткан билдирүүсүнө караганда, анын сапарынын негизги максаты - Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы жана мыйзамдуулуктун сакталышы менен таанышуу. Анткени Европа биримдиги уюм менен кызматташкан мамлекеттерде адам укугу сакталып, мыйзамдуулук өкүм сүрбөсө узак мөөнөттүү кызматташуу мүмкүн эмес деп эсептейт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG