Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:30

ЕККУ тергөө абактарындагы абалга тынчсызданууда


БИШКЕК. ЕКК уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү өлкөдөгү тергөө абактарындагы атуулдардын тартип коргоо кызматкерлери тарабынан кыйноого алынышына тынчсызданганын билдирди. Мындай мазмундагы билдирүүнү ЕКК уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тартты. Ошондой эле ЕКК уюмунун өкүлчүлүгү Кыргызстандын Ички иштер министрлигине кайрылуу жолдоп, милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого алынган фактыларды иликтөө максатында курамына коомчулуктун, сот, прокуратура органдарынын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүүнү сунуштады. Жергиликтүү укук коргоочулардын «Фридом Хауз» эл аралык адам укугун коргоо уюмунунун колдоосу менен Кыргызстандын тергөө абактарындагы абал боюнча жүргүзгөн отчету 15-мартта жарыяланган. Анда Кыргызстандын милиция кызматкерлери кармалган атуулдарды кыйноого алгандыгы тууралуу бир нече фактылар келтирилген. Мисал катары Ош облусунун Карасуу райондук милиция кызматкерлери 28 жаштагы Улугбек Кадыров атуу жигитти уруп өлтүргөндүгү жазылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG