Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:22

Иракта бүгүн эки немец жараны набыт болду


Багдаддын түштүк жакасында машинада бараткан белгисиз адамдар аларды эки ирак полицмени менен кошо жол четинде атып кетишкен. Ал эми түндүктөгү Мосул шаарында бүгүн жергиликтүү тилмеч аял, ал эми кечээ америкалык төрт баптист киши колдуу болушту. Ушул эле күнү америкалык аскерлердин колбашчысы генерал Рикардо Санчес Испаниянын өкмөтү Ирактан өз аскерлерин чыгарып кеткен күндө деле коалиция өз милдетинин өтөсүнө чыга алат деп билдирди. Испаниянын жаңы премьер-министри болгону жаткан Жозе Луис Родригес Сапатеро Ирактагы иштерди БУУ өз көзөмөлүнө алса, быйыл 30-июндан кийин испаниялык аскер бөлүктөрүн Ирактан чыгарып кетерин билдирген эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG