Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:04

ПУТИН ОРУСИЯНЫ МЫНДАН АРЫ КАНТИП БАШКАРАТ?


Бурулкан Сарыгулова: Прага шаары Талдоочулардын баамында, жекшембидеги президенттик шайлоодон кийин Владимир Путин Орусияда дээрлик чексиз бийликке жетишти. Муну талдоочулар шайлоодогу жеңиш менен эле эмес, Мамлекеттик Думанын, министрлер кабинетинин жана маалымат каражаттарынын Путиндин оюндагыдай түзүлгөндүгү менен байланыштырууда. Ошондуктан, азыр «Путин Орусияны ушул турушунда келерки мөөнөттө кантип башкарат?» деген суроо кыйла эксперттердин баш оорусуна айланды.

Владимир Путин президент болуп шайлангандан кийинки алгачкы пресс-конференциясына бир саат чамалаш убакыт бөлүп, журналисттердин суроолоруна адатынча ишенимдүү жооп берди. Анын айтымында, ал келерки мөөнөттө өзүнүн буга чейин аткарган иштерин дагы тереңдетет:

- Биз көп партиялуу системаны күчтөндүрөбүз, атуулдук коомду бекемдейбиз. Маалымат каражаттарынын эркиндигин кепилдөө үчүн бардык аракеттерди көрөбүз. Ошону менен бирге кызматкерлердин, ишкерлердин мамлекетке, демократияга жамынып алып, чөнтөк шыкамайына жол бербегидей жагдай түзүү камын көрөбүз.

Бирок, Владимир Путиндин мындай убадасы коомдук-саясий чөйрөдө ар кыл көз караштарды жаратууда. Маселен, Путиндин ишмердүүлүгүн жакындан билгендердин көз караштарында, ал алгачкы мөөнөтүнүн учурунда эле бийликти борбордоштуруу аркылуу президенттигин бекемдеп алды. Чырга жакын Мамлекеттик дума жумшарып, көз карандысыз телерадиокомпания тизгинделди. Ал эми Кремлге каяша кылган ишкерлер куулуп кетти, же түрмөгө отурду.

Мына ушундай жагдайларды эске алган саясий баяндамачы, Мамлекеттик думанын мурдагы өкүлү Владимир Лысенко Путин башкарган келерки төрт жылда Орусия пост-советтик мамлекеттерге мүнөздүү авторитардык өнүгүү жолоюна түшөт деген ойдо.

- Бул дагы бир ирет биз төбөлдүк режимге реалдуу киргенибизди билдирет. Түркмөнстан сыяктуу эле бизге да жакында шайлоонун кереги жок болуп калат да, плебисцит өткөрүп эле тим болобуз. Мындай жагдай башка пост-советтик өлкөлөрдө деле болуп атпайбы.

Карнеги институтунун саясий талдоочусу Николай Петровдун айтымында, соңку президенттик шайлоо деле борборлошкон, авторитардык бийликке башат болуп калды. Мындай жагдай кезинде Путиндин өзүнө каршы кызмат кылышы да ажеп эмес.

- Бизде федералдык жыйындын палаталары мурдагыга салыштырмалуу алсыз. Бизде аймактык лидерлер да алсыз. Парламенттеги идеологиялык партиялар дээрлик жок болуп кетишти. Ошентип, Ельциндин убагында жамандыр-жакшыдыр сакталып келген тең салмактуулук азыр жок. Бул - коом үчүн эле эмес, бийлик үчүн да олуттуу түйшүк.

Николай Петровдун пикирине караганда, эски илдетти – авторитардык башкарууну кайталоочу шарт-жагдай түзүлдү. Себеби, бийликте анын кемчилигин көрсөтүп турар адамдар калбай калды. Иш жүзүндө президенттер мындай сын пикирге муктаж. Экономикалык, саясий багыттарда туура эмес чечимдерди четтетүү үчүн курч сын пикирлер керек. Бирок, Кремлде азыр кемчиликти көрсөтүп турчу мындай адамдар жок.

Саясий талдоочу Владимир Лысенконун айтымында, президенттик шайлоо демократия талап кылган көп кырдуулук Орусияда калбай баратканын көрсөттү. Батыш жактырган демократтардын бири да Путинге атаандаш катары коомчулуктун көңүлүн бура алган жок.

- Бизде азыр Андрей Сахаровго окшогон руханий лидерлер, идеалдар калбай калды. Өлкө ишенип добуш бергидей саясий лидерлер да жок. Менимче, бул шайлоодогу 14 жылдык демократиялык кыймылды бүтүндөй сапырган чоң утулуш баарыбыз үчүн ачуу сабак болду. Албетте, буга демократтар өздөрү да күнөөлүү. Борис Ельциндин бийлигинин да күнөөсү бар.

Владимир Путиндин экинчи мөөнөткө шайланышына байланыштуу ушундай ар кыл жоромолдор айтылууда. Айрым маалымат каражаттары болсо Путиндин шайлоодо каалагандай упай топтошуна биринчи кезекте өкмөттүн өлкө экономикасын чыңдоого жетишкендиги башкы көзүр катары кызмат кылганын жазышууда. Ал эми Путин өзү соңку маалымат жыйынында өлкөнүн ички дүң продукциясын эки эсе көбөйтүүгө убада кылды.

XS
SM
MD
LG