Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:06

ЕВРОПА БИРИМДИГИ БОРБОР АЗИЯ МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫГЫН ЖАҢЫЛООНУ КӨЗДӨП ЖАТАТ


Бурулкан Сарыгулова, Прага шаары Европа Биримдигинин тышкы байланыш боюнча атайын өкүлү Кристофер Паттен Борбор Азия өлкөлөрүн кыдырууну Казакстандан баштады. Мындан тышкары ал апта соңуна чейин Кыргызстанда Тажикстанда жана Өзбекстанда болоору күтүлүп жатат.

Европа Биримдигинин тышкы байланыш боюнча атайын өкүлү Кристофер Паттен (Chris Patten) Түркмөнстанга барбайт. Айрым маалымат каражаттарынын жазышынча, Европа Биримдиги Түркмөнстанды тыгыз кызматташууга татыксыз өлкө катары санайт. Ал эми Борбор Азиянын калган өлкөлөрүнө иш сапарына атайын өкүл кандай максат менен бараткандыгы тууралуу алдын ала ачык маалымат таратылган жок.

Бирок, талдоочулар кыйла жылдык тыныгуудан кийин башталган бул сапарды көп жагдайлар менен байланыштырып жатышат. Европа Биримдиги акыркы жылдары аталган төрт өлкөнүн бирин да демократия толук кандуу ишке ашып жаткан өлкө катары атай элек. Ушул жагдайды эске алган талдоочулар Паттен Борбор Азияда демократиянын өнүгүш жагдайына кызыгып, адам укугун, сөз эркиндигин сактоого, экономикалык реформаны жандандырууга айрыкча маани берүүнү тараптардан сыпайы өтүнөрүн белгилешүүдө.

Европа Биримдиги саясий, экономикалык кызматташтыктан тышкары коопсуздук багытындагы кызматташууну да чыңдагысы келет. Паттендин баңги заттарды соодалоо жана мыйзамсыз иммиграция иштери боюнча өкүлү Дьего-де-Охэданын (Diego de Ojeda) билдиришинче, бардык кызматташтыктын алкагында Биримдикти Борбор Азия уюмду кеңейтүүчү аймак катары кызыктырат.

Бул маселенин олуттуулугун Кристофер Паттен Казакстанда болгон учурунда белгиледи. Ал өз сөзүндө Казакстандын дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп жатышын кубаттоо менен, бул өлкөнү Европа Биримдигине толук кандуу өнөктөш катары баалады.

- Европа Биримдиги бул өлкө менен кызматташтыкты тереңдетүүгө кыйла негиздер бар, - деди Паттен Алматыда Казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушууда, - Биз акыркы эки жылда Казакстанга олутту инвестиция бердик. Көлөмдүү соода байланышыбыз бар. Казакстандан көп товарлар экспорттолуп атат.

Казакстан 1991-2001-жылдары Европа Биримдигинен жалпысынан 135 миллион евро жардам алган.

Бул жолугушууда Паттен ошондой эле Казакстанга Европа Коопсуздук жана Кызматташтык уюмун жетектөө вазыйпасынын берилишин кубаттаарын билдирди. Казакстанга мындай мүмкүнчүлүк, эгер мүчө мамлекеттер кубаттаса, 2009-жылы берилиши ыктымал. Паттендин айтымында, мындай чечим 2006-жылы кабыл алынышы керек.

Европа Биримдигинин талдоочуларынын маалымдашынча, Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан реформа жүргүзүүдөгү ыкчам аракеттери менен көбүрөөк көзгө урунат. Бирок, реформа бардык учурда эле кайтарымдуу болгон жери жок. Ошондуктан, ушул багытта Европа Биримдиги бул өлкө менен кызматташтыкты дагы арттыруу камын көрөт. Европа Биримдиги ошондой эле 2005-жылкы шайлоо өнөктүктөрүнүн демократиялык нукта өтүшүнө кызыкдар. Бул сапарында Паттен расмий жолугушуулардын катарында атуулдук коом жана оппозиция өкүлдөрү менен да сүйлөшөөрү күтүлөт.

Европа Биримдигинин атайын өкүлү Кыргызстанга Тажикстандан кийин барары болжолдонуп жатат. Паттен Борбор Азия өлкөлөрүнө сапарын Өзбекстанда жыйынтыктайт.
XS
SM
MD
LG