Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:40

АКСЫНЫН АРЫЛБАС АРМАНЫ


Бүгүн Кыргызстанда Аксыда окко учкан чырактай жигиттер тууралуу эскерүү сөздөрү айтылат, алааматта набыт болгондордун арбагына куран окулат.

Кандуу окуянын кантип башталганы, ага кимдин кандай катышы бардыгы элдин көбүнө дайын. Бирок да Аксы алааматынын алдында чындык чыркырап ыйлап, адилеттик томсоруп, акыйкат жалтайлап туру. Өткөн жылдын 16-майында чындык издеп Бишкекке келген аксылык энелерди милиция кызматкерлери чыркыратып туруп автобуска салып аткан чакта Боспиекте набыт болгон Сапаралиев Кадыркулдун сүрөтүн көтөргөн эжеси Курамбаева Бурулбү Бишкектин Эркиндик менен Жумабек Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде туруп момундай армандуу сөзүн айткан болчу:

- Бишкекке келсек биерден бизди кордойт. Андан көрө атып салышсын. Атабыз дешсе тизилип туруп беребиз. Акаев алдыбызга келсин. Бул эмне деген кордугу. Бизди жакшынакай кылып эле тосуп албайбы, биз жакшы сөзүбүздү айтпайбызбы. Акыйкат издеп келген адамды жакшы тосуп алыш керек болчу. Биз сот чечимин гана акыйкат чечип берсин деп келгенбиз. Эмне мынча бизди кордойт. Биз дагы эле тура беребиз. Атмайынча тура беребиз, бул кылган кордугу эстен кетпес! Балдарыбыз өлүп атса, балдары жетим калып атса кантип күйбөйбүз?

Бийлик өкүлдөрү болсо Аксы окуясына күнөөлүүлөр өз жазасын алган деп келишет.

XS
SM
MD
LG