Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:55

ӨЗБЕКСТАНДА ФЕРМЕР БОЛУШ ҮЧҮН ПАРА БЕРҮҮ КЕРЕКПИ?


Шейшекан Жаналиева, Прага Өзбекстандагы маалымат каражаттарынын жазганына караганда, акыркы жылдарда фермерлердин жашоо-шарттары кыйла жакшырууда. Ошол себептен ушул тапта фермердик чарбаларды уюштурууга кызыккандар көп. Бирок мыкты фермер болуш үчүн жергиликтүү бийлик органдарына жең ичинен пара берип турууну баары эле биле бербесе керек.

Ушул тапта Өзбекстандын Хорезм облусунда 6 миң 533 фермердик чарба бар. Фермерлер 84 миң 714 гектар айдоо аянттарын иштетишет.

Бирок бардык эле фермердин ити чөп жеп кеткен жери жок. Байпагы манат болуш үчүн алар жергиликтүү бийлик ээлерине жең ичинен пара берип турушу керек. Маселен, Шавот районунун тургуну Хамдам Эшматов жакшы тилек менен “Санжарбек” деп аталган фермердик чарба уюштурган. Суунун жетишсиздигинен жана айыл чарбасындагы бир катар көйгөйлүү маселелерден улам ал өзүнө тиешелүү айдоо аянтынан ойдогудай түшүм ала алган жок. Эшматовдун айтымында, түшүмдүн мол болушу үчүн суу жетиштүү болушу керек. Каалаган учурда каалагандай суу бөлүштүрүп алыш үчүн суу башындагы мураб менен тил табыша билүүң зарыл. Мындан тышкары ала шалбырт жаздан тартып, кеч күзгө чейин тыным албаган мээнетиңди кайтарып алыш үчүн да жергиликтүү жетекчилер менен тымызын бармак басты, көз кысмайга барууң абзел.

Маалыматтарга караганда, аталган облуста 14 фермердин иши алга жылган эмес. Дыйкандардын пикиринде, күйүүчү жана майлоочу майдын, айыл чарба шаймандарынын жана сугат сууларынын тартыштыгы боюнча көйгөйлөр жеринде оңой менен чечилбейт. Ошондой эле акыркы кезде фермерлерге тийешелүү жерлерди мыйзамсыз тартып алган учурлар арбын кездешүүдө. Маселен, Кошкөпүрө районунан үч фермердин жери негизсиз тартылып алынган.

Алгачкылардан болуп фермердик чарба уюштурган Машараповдун айтымында, өзүнүн чарбасын кеңейтүү үчүн ал кошумча жер сураган. Бирок Машараповдун суроосу аким тарабынан канааттандырылган эмес.

Ал эми дагы бир Казаков аттуу фермердин айтымында, анын үй-бүлөөсү фермердик чарба уюштуруу үчүн үч жылдан бери аракеттенген. Тигил же бул фермердин иши тез бүтүшү үчүн сөзсүз түрдө жең ичинен пара берүү керек. "Антпесе эч кимимбиздин ишибиз алга жылбайт”, - дейт Казаков.

Жергиликтүү айыл тургундарынын айтымында, Өзбекстанда бийликтегилерге фермерлер эле жең ичинен пара бербейт. Өнөкөт оору улам барган сайын өлкөгө кеңири жайылып баратат дешет талдоочулар.
XS
SM
MD
LG