Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:08

Грузин парламентинин жетекчиси ажар лидери менен жолугат


Нино Буржанадзе менен Аслан Абашидзенин сүйлөшүүлөрү бүгүн Батумиде өтөөрү күтүлүүдө. Анда Грузиянын курамындагы Ажар автономиясынын жана борбордук өкмөттүн тирешүүсүн жөндөөнүн жолдору талкууланмакчы. Ал эми грузин президенти Михаил Саакашвили Орусиянын өтүнүчүнө ылайык Москванын мэри Юрий Лужков менен жолугууга макул болгон. Лужков кечээ Батумиде Аслан Абашидзе менен кездешкен эле. Өткөн жекшембиде Михаил Саакашвилини куралчан адамдар чек арадан Ажариянын аймагына өткөрбөй коюшкан болчу. Бул окуядан соң Грузиянын аскерлери күжүрмөн даярдыкка келтирилип, ал эми Ажария бийликтери автономияда өзгөчө абал жарыялашкан. Грузия ажар өкмөтүн каржылык колдоодон ажыратуу үчүн ага каршы убактылуу экономикалык санкция да киргизди. Расмий Тбилиси 28-марттагы парламенттик шайлоонун алдында Ажария борбордук өкмөттүн бийлигин таанышын көздөөдө. Кечээ грузин бийликтери президент Сакашвилини Ажариянын аймагында киргизбей койгон ырасмий адамдарга каршы кылмыш иши козголоорун билдиришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG