Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:55

АКШ президенти европалык өнөктөштөрүн Иракта колдоо көргөзүүнү улантууга чакырды


Мындай чакырык Испанияда соңку жекшембиде өткөн парламенттик шайлоонун натыйжасынан улам бийликке келип жаткан жаңы өкмөт быйыл июнь айынын соңунда Ирактагы испан аскерлерин чыгарып кетээрин жарыялагандан кийин айтылууда. Көпчүлүк Испаниядагы бийликтин алмашышын өткөн аптадагы ири террактан көрөт. Буш шейшемби күнү Вашинтондо Голландиянын премьер-министри Ян Петер Белкененде менен жолуккан учурунда террорчулуктан жалгыз гана Испания жабыр тартып жатпаганын белгилеп, мындай деди:

- Террорчулар Испанияда гана өлтүрүшкөн жок. Алар АКШда, Түркияда, Сауд Аравияда да өлтүрүшкөн. Алар кандуу изин кайсыл жерде мүмкүн болсо калтырышат. Андыктан эркин дүйнө күчтүү жана чечкиндүү болушу керек.

Ал эми Ак үйдүн маалымат катчысы Скот МакКлеллан Испанияга эгер алар террорчулардын таасирин өз саясатында көргөзсө, бул коркунучтуу белги болоорун эскертти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG