Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:38

ЕВРОБИРИМДИКТИН ӨКҮЛҮ ТАЖИКСТАНДА


Кубат Оторбаев, Прага Европа биримдигинин тышкы байланыштар боюнча атайын өкүлү Крис Паттен Борбор Азиядагы төрт мамлекетти кыдыруунун алкагында 17-мартта Тажикстанга барды. Ал президент Эмомали Рахмонов менен жолугуп, Евробиримдик менен Тажикстандын ортосундагы кызматташтык, адам укуктарынын абалы, террорчулукка каршы күрөш тууралуу маселелерди талкуулады.

Крис Паттен менен жолугушуу учурунда президент Эмомали Рахмонов Евробиримдик менен Тажикстандын ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкка зор маани берилип жатканын айтты. “Евробиримдик менен мамилени Тажикстан тышкы саясатынын артыкчылык берген багыттарынын бири катары карайт” – деди мамлекет башчысы. Алаканын артышына июнь айында кол коюлмакчы болуп жаткан “Өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө” келишим жаңы дем берет деген ишеним бар.

Тажик президенти өлкөдө тыштан инвестиция алып келүүгө Евробиримдик менен байланыштын жагымдуу таасири тийет деген ойдо. Ошондуктан жолугушууда европалык ишкерлер акчаларын Тажикстандын гидроэнергетика, айыл чарба, туризм жана байланыш тармактарына салса анын кайтарымы болот эле деген сунуш айтылды.

Жакын арада Евробиримдиктин Тажикстанда өкүлчүлүгү ачылганы турат жана анын негизги иши жакырчылыктан жапа чегип, өнөр жайы өнүгө албай жаткан мамлекетке тыштан акча табууга көмөктөшүү болмокчу.

Президент Эмомали Рахмонов менен жолугушуудан кийин Крис Паттен журналисттерге Европа биримдиги Тажик өкмөтүнүн жүгүн жеңилдетүүгө кол кабыш кыла турганын билдирди:

– Жардамыбызды берип келген Тажикстанды биз теңата жана кадырлуу өнөктөш катары карайбыз. Мындан ары да тажик өкмөтүнө көмөктөшөбүз. Анткени бул өлкөдө демократия, адам укуктарын урматтоо жана экономиканы жандандыруу жааттарында жаңы реформалар башталган.

Ал Тажикстандагы жакырчылыкты бул мамлекет башынан кечирген кандуу окуялардын каскагы катары карай турганын түшүндүрдү. Демократиялык өнүгүүлөргө салым кошуп, элдин жашоо-шартын оңдоо максатында Евробиримдик Тажикстанга мындан ары да жардам берүүгө ниет кылууда.

– Акыркы 10 жылда биз 350 млн. еврого жакын каражат бердик. Мындан ары канча акча бөлөөрүбүз өкмөт менен биз өткөрө турган талкууларда аныкталат. Бирок биз мындан да көбүрөөк жардам берүүгө ниеттенип жатабыз, анткени биз Тажикстан багыт алган жолдун келечегине ишенебиз.

Сапар алдында Крис Паттен “Борбор Азия мамлекеттери Европа үчүн стратегиялык мааниге ээ” деген болчу. Анын пикири боюнча, жемиштүү мамилелерди түзүү үчүн Борбор Азия чөлкөмүндө адам укуктары сакталып, мыйзамдар аткарылууга тийиш.

Евробиримдиктин өкүлү Борбор Азияга сапарын Казакстандан баштап, 16-мартта Астанада президент Нурсултан Назарбаев менен жолугуп, пикир алышкан. Тажикстандан кийин Крис Паттен Кыргызстанга жөнөп кетти.

XS
SM
MD
LG