Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:35

КЫРГЫЗСТАНДА КАНЧА БАКТЫСЫЗ БАЛА БАР?


Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги жыл башында конкурс жарыялап, кароосуз калган балдардын укугун коргоого жана аларды камкордукка алууга багытталган долбоорлорго грант берилээрин кабарлаган. Бирок эки айга чукул мезгил өтсө да министрлик күткөндөй долбоорлор түшкөн жок. Конкурстун мөөнөтү дагы бир аптага узартылды.

Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги конкурста жеңип чыккан долбоорлорго апрель айында 6 млн. сом бөлөөрүн билдирген. Министрдин орун басары Өктөмкан Абдуллаеванын айтымында, 16-мартка чейин болгону 69 гана долбоор түштү. Алардын көбү да талапка жооп бербейт. Жергиликтүү бийликтен болгону эки гана долбоор түштү. Бул тууралуу Өктөмкан Абдуллаева мындай деди:

- Акимдер, айыл өкмөттөрү иштөөгө милдеттүү болчу. Эл арасында балдарды коргоо багытында тажрыйбасы мол тың кыз-жигиттер арбын. Алар ошондой адамдарга багыт бериши керек эле. Биз ар бир облустун губернаторлоруна да кат жазганбыз. Анын негизинде алар райондордо, район жетекчилери айыл өкмөттөрүнө кабар берип, айыл өкмөттөрү болсо эл менен биргелешип иш жүргүзүшү керек эле. Менимче, ушул жактан кемчилик болууда.

Өктөмкан Абдуллаеванын айтымында, азыр саны 10 миңден ашкан бейөкмөт уюмдар дагы бул багытта ыкшоолук кылып жатышат. Министрлик бул конкурстун негизинде балдардын укугун коргоо боюнча иш алып барган бейөкмөт уюмдар менен эл аралык уюмдардын ортосунда көпүрө болуп, алардын ырааттуу иштөөсүнө шарт түзүүнү максат кылган.

«Жаштардын укук коргоо тобу» - кароосуз калган балдардын көйгөйүн иликтеп, алардын укугун коргоо жаатында иш алып барат. Уюмдун адам укуктарына байкоо салуу боюнча координатору Назгүл Турдубекова мындай кинеге макул эмес:

- Мен бул маалыматты биринчи жолу угуп жатам. Бирок министрлик жакшы иштеген бейөкмөт уюмдарга кайрылып, социалдык заказ беришсе, натыйжасы жакшы болмок

Кыргызстанда акыркы он жылда кароосуз балдардын саны улам көбөйүп, аларды арзан жумушчу күчү катары ишке салуу кадыресе көрүнүшкө айланды. Алты жылдан бери кароосуз балдардын укугун коргоп, алар үчүн убактылуу жайларды уюштуруп жүргөн «Балдарды коргоо борборунун» улуу кызматкери Фатима Алаярованын айтымында, Бишкектин Ош базарында кеминде 500, «Дордой базарында 400дөй бала жүк ташыгыч болуп иштеп жүрүшөт. Алар кайсы райондон, кандай себеп менен окуусун таштап, жалданып иштеп калгандыгын иликтөө такыр мүмкүн эмес. Себеби, окууга тартылбай калган балдардын санын билим берүү тармагынын өкүлдөрү да, балдардын өздөрү да жашырышат.

«Жаңы муун» мамлекеттик программасынын катчылыгынын кызматкери Татьяна Кулевцованын айтымында, маселен Чүй районунун билим берүү бөлүмү өткөн жылы 83 бала окууга тартылбай калды деген малымат берсе, Ысыката району 250дөн ашык бала окууга келбей калды деген. Мындай ар кыл сандагы көрсөткүчтөрдү берүү бардык райондорго мүнөздүү.

«Жаштардын укук коргоо тобунун» координатору Назгүл Турдубекованын пикири боюнча, азыр мамлекеттин алдында турган башкы проблеманын бири өлкөдө кароосуз калган канча бала бар экендигин аныктоо. Алардын кароосуз калышына кандай жагдайлар түрткү болуп жаткандыгын иликтеп, андан кийин аларга камкордук көрүш керек. Анткени жумушсуз кээ бир ата-энелер балдарын карыз ээсине кул катары берүүгө ык алышты жана мындай факт көпчүлүктөн жашыруун. Ал эми айрым балдардын үй-бүлөдөн безип, окуубай калышына билим берүү тармагындагы төлөмдөрдүн көбөйгөнү да түрткү берүүдө.

Андан тышкары Кыргызстанда балдардын укугун коргоого негиз берүүчү укуктук базанын начардыгы да кедерги болууда. «Жаңы муун» мамлекеттик программасынын катчылыгынын өкүлү Татьяна Кулевцованын билдирүүсү боюнча, азыр 18 мыйзамга тезинен өзгөртүү киргизүү керек. «Үй-бүлө», «Балдарды коргоо» жөнүндөгү кодекстерди кабыл алуу зарылдыгы бышып жетилди. Биро, парламенттин быйыл аларды кабыл алууга чамасы жетээри күмөн.
XS
SM
MD
LG