Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:22

Ырысбай Абдыраимов, Кербен, Жалалабад облусу Эки жыл толгон Аксы окуясы бүгүн (17-мартта) Кербен шаарчасында эскерилди. Жыйынга келгендер кар жаап жатканына карабастан жөө жүрүш уюштуруп, райондук маданият үйүнөн чыгып, сот имаратына чейин басып өтүштү. Алар бийликтен акыйкат сотту камсыз кылууну, тынч демонстрациянын катышуучуларын атууга буйрук бергендерди тийешелүү жазага тартууну талап кылышты.

Аксыдан түшкү репортаж


Алиге сыздайт жүрөгүм,
Атасын көрсөм бирөөнүн.



Райондук бийлик өз имаратынын маңдайына эл чогулса жүргүнчүлөр менен унаа каражаттарына тоскоолдук болоорун эскертип, эскерүү митингин 2002-жылы 17-мартта окуя болгон Боспиек айылында өткөрүүгө уруксат берген. Бирок эл митингди райондун борбору - Кербендеги маданият үйүндө өткөрүүгө уруксат сураганыныан тайбады. Бийликтен жооп болбогондон кийин "Энелер кыймылы" жана "Жабырлануучуларды коргоо" комитетинин демилгеси менен, чогулган адамдар маданият үйүнөн сот имаратынын маңдайына чейин жөө жүрүш жасашты. Алардын колунда Аксы окуясында жабыркагандардын талаптарын аткарууга жана бийлик башчыларын кызматтан кетирүүгө чакырган тасмалар болду. Митингде мыйзамчы депутат Азимбек Бекназаров сөз сүйлөдү:

- Чиновниктер эки жыл өтпөй айыпты тааныды. Мисалы, өзүңүздөр уктуңуздар - Мисир Ашыркулович жакында өткөн парламенттик талкууда өзүнүн адамдык сапатын көрсөтүп, агынан жарылып кетти десек болот.

"Ата Мекен" партиясынын өкүлү Наркыз Шералиева окуяны унутууга такыр мүмкүн эместигин мындайча эскертти:

-Төгүлгөн кан эч качан кечирилбейт.

Белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиев качандыр бир убакта акыйкат сот болооруна ишенет:

- Бүтүндөй Кыргызстанда, анын ичинде түштүктө ойгонуп аткандардын баардыгы акыйкат деп атат. Адилеттүү заман келсе деп атат. Ошол акыйкат, адилет заман келгенде сөзсүз азыркы мамлекет жетекчилери баш болуп элдин, соттун алдында жооп бериши керек. Жооп берет сөзсүз..

Сегиз жаштагы Асель курман болгон атасы Кадыркул Сапаралиевге төмөнкү ырын арнап, митингге келгендердин баарын жашытты:

- Ай жылдап тигип кураган,
Артыңда калды бак, тамың,
Апамды, бизди боздотуп,
Атаке кантип таштадың.
Эмгиче билбей эл жүрөт,
Эмнеде экен күнөөңдүң.
Алиге сыздайт жүрөгүм,
Атасын көрсөм бирөөнүн.
Желдеттин аткан огунан,
Кыйылды кырчын курагың,
Билмексен болуп кутулган,
Бийликке жетсин убалың.


Митинг соңунда кыргыз элине, дүйнөлүк коомчулукка, адам укугун коргоочу жана саясий уюмдарга, эркин маалымат каражаттарына кайрылуу, андан тышкары үч талаптуу резолюция кабыл алынды. Аны депутат Азимбек Бекназаровдун Аксыдагы жардамчысы Тажимамат Туралиев окуп берди:

- Тийешелүү жазасын алышсын. Тергөө толук аяктаганга чейин Аксы окуясынын чыныгы күнөөлүүлөрү деп эл тарабынан эсептелген азыркы өзгөчө кырдаалдар министри Акматалиев, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Карыпкулов, Талас облус администрациясынын бөлүм башчысы Кудайбергенов, Чүй облус сотунун төрагасы Абышкаев, чегара кызматынын төрагасы Садиев, президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Жанузаков азыркы ээлеген кызматынан бошотулсун. Кыргызстандын чегинен эки жакка кетпөөсү боюнча кагаз алынсын.

Райондун акими Абдымалик Эгембердиев мындай көз карашка макул эмес. Бийлик бул окуя боюнча тийешелүү иш аракеттерди жасады:

- Окуя болгондон кийин анын кесепетин жоюу боюнча бир топ аракеттер өкмөт, облустук администрация, райондук мекеме, уюмдар тарабынан жасалып, жабыр тарткандарга жардам берүү, жарадар болгон балдардын ден-соолугун кароо боюнча бир топ иштер жасалды.



Аксыдан кечки репортаж



Эскерүү каадасында Аксы окуясын бир тараптуу чагылдырып оппозициячыл маанайдагы депутат, саясатчылардын адамдык ар намысына тийген кабарларды, макалаларды жазган маалымат каражаттары сындалып өттү. Депутат Азимбек Бекназаровдун пикири боюнча, бийлик Аксы окуясы жана айыпталуучулар тууралуу жалган маалымат таратып, дүйнөлүк коомчулукту алдады. Эл айыптуу деп санаган жетекчилердин кызматы жогорулап, мамлекеттик сыйлыктарды алышты.

Укук коргоочу Турсунбек Акун Аксы окуясы өлкөдөгү демократияга башат болгондугун австриялык укук коргоочулар ырастап бергендигин белгиледи:

- Австриялыктар аксылыктар тоодо жашайбы деп сурап атат. “Тоонун башындагы эл бийлик атса да, унчукпай гана пикет, митинг кылып туруп калыптыр, жооп бербей. Бул - баатырдык. Бул демократиянын, адам укугунун жеткен чеги” дейт. “Тээ Орто Азиянын чокусундагы Аксы деген райондо бийлик атып атса да аларга ок атпай, демократияны, адам укугун сактап, канга кан кылбайлы деген улуу эл бар экен” деп австриялык дүйнөгө белгилүү укук коргоочу аял таң калды бизге.

2002-жылы 18-мартта Кербенде курман болгон Элдияр Үмөталиевдин апасы Анаркан Таштанбекова баласынын өлүмү боюнча нечен ирет республикалык тийешелүү уюмдарга кайрылса да, кылмыш иши ачылбагандыгына жана акыйкат чечим чыкпагандыгына капа болду.

Үйлөнө элек уулунан айрылган эне келечектеги шайлоого үмүт артты:

- Менин балам өлгөнүнө бүгүн эки жыл болду. Барбаган жерим, кирбеген эшигим калбады. Эч кимден эч кандай жакшы жооп да болбойт. Президенттик шайлоолор келатат - ойлонуп туруп президент шайлайлы. Депутаттарыбызды карап туруп шайлайлы. Илгери шайлоо десе эле жүгүрүп барып бюллетен сала берчү элек. Эми ар бир кадамыбызды ойлонуп туруп таштабасак, биздин балдарыбыздын тагдырындай тагдыр ар бир эркек, аялдын башында бар.

Депутат Азимбек Бекназаровдун эскерүү митингинде саясат тууралуу сөз козгобойлу деген чакырыгына карабай, жүрүшкө чыккандар азыркы бийликтин кызматтан кетүүсүн көчө жаңырта кыйкырып атышты. Ал эми сөзгө чыккан атуулдар бийликке нааразылыгын ичтерине ката алышпады.

Кызылжар айыланан келген Өскөн Садыков карыя Таштанбекованын тилегин кубаттады:

- Эртең шайлоо болгондо, жана айтып кеткендей, биз президентти, келечектеги депутаттарды карап туруп, талдап туруп шайлайлы.

Укук коргоочу Азиза Абдрасулованын ою боюнча, бурганактап жааган кар дагы бийликтин өкүлдөрү ойлогондой 12 айыл өкмөттөн келишкен элдин чогулушуна тоскоол боло алган жок.
XS
SM
MD
LG