Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Грузин парламентинин спикери Батумиге келди


Бүгүн Грузин парламентинин спикери Нино Буржанадзе грузин-ажар чатагын жөнгө салууну талкууло үчүн Ажар автономиясынын борбору Батуми шаарына келди.
Тбилисинин өкүлү ажар лидери Аслан Абашидзе менен жолугушуп, борбордук өкмөттү таануу жөнүндөгү Грузиянын талабын талкуулайт.

Азыркы чатакты сүйлөшүүлөр аркылуу, тынч жолу менен чечип, Грузиянын аймагында конституциялык мыйзамды калыбына келтирүү биз үчүн өтө маанилүү.
Өлкөдө, анын ичинде Ажарияда да, эркин жана калыс шайлоо өткөрүү олуттуу мааниге ээ
.

Сүйлөшүүлөрдүн алдында спикер грузин президенти Михаил Саакшвилинин визитине даярдык көрүү маселесин да козгой турганын билдирди. Өткөн дем алышта Саакашвилини куралчан кишилер ажарияга киргизбей коюшкан эле. Буржанадзе президенттин Грузиянын аймагы боюнча эркин жүрүүгө укугу болушу керек деп эсептээрин белгиледи.

XS
SM
MD
LG