Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:05

Хамид Карзай шайлоо августка жылдырылат деп билдирди


АКШнын мамлекеттик катчысы Коллин Пауэлл менен болгон бүгүнкү жолугушуусунан кийин жасаган билдирүүсүндө Карзай шайлоочуларды каттоо натыйжалуу өтүп жатканына карабай, ооган өкмөтү өнөктүктү июнь, июль же август айында өткөрүүнү көздөп жатканын билдирди.
Шайлоо алгач июнга пландаштырылган. Бирок коопсуздук жана башка кыйынчылыктардан улам, оогандыктар каттоо жараянына активдүү катышпай келген. Карзай ошондой эле АКШ менен Ооганстан терроризмге каршы күрөш жаатындагы кызматташтыкты уланта берүүнү макулдашышты деп белгиледи.

Бүгүн Пауэлл Кабулдагы шайлоочуларды каттоо участкасы жайгашкан кыздар мектебине барып, оогандык аялдарды добуш берүүгө активдүү катышууга чакырды:

Шайлоочуларды каттоо жараянынын жүрүшү мага чоң таасир этти. Өлкө боюнча учурда күнүнө 8 миңге жакын шайлоочу каттоодон өтүп жатат.

Пауэлл сапарын Исламабадда улантмакчы. Пакистандык жетекчилик менен сүйлөшүүлөрдө дагы терроризм маселели талкууланат деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG