Британиянын өкмөт башчысы Тони Блэр эл аралык коомчулукка карйлып, терроризм менен күрөштү улантууга үндөдү. Бүгүн парламентте сүйлөгөн сөзүндө Блэр терроризмге каршы күрөш демократия жана эркиндиктерди коргоо болуп эсептелет деген пикирин ортого салды:
Террористтер токтобойт. Бул – уруш. Бул - биздин демократиябызга каршы сокку. Бул – биздин эркиндиктерге кол салуу. Мындан улам, аракеттерибизди күчөтүп, терроризмди жок кылышыбыз керек. Максатка жетиш үчүн эл аралык коомчулук чечкиндүү күрөш жолунан тайбашы зарыл.
Бул сөздөрүн британ премьери Испаниянын болочок өкмөт башчысы Сапатеро тарабынан жасалган билдирүүгө жооп катары айтты. Бүгүн эртең менен Сапатеро испан аскерлерин Ирактан чыгарып кетүү ниетин кайталаган эле.
Анын аралыгында, Европа биримдигинин тышкы саясат боюнча жетекчиси Хавьер Солана терроризмге каршы күрөшүүдө глобалдуу кызматташтыктын керектиги жөнүндө билдирди. Бээжинде кытайлык студенттер алдында сүйлөгөн сөзүндө Солана өткөн аптада Мадридде болгон жардырууларды бүтүндөй европалыктарга каршы чабуул катары бааласа болот деген пикирин ортого салды.
Улуту боюнча испан Солана европалыктар террористтердин мындай ыкмаларына багынып бербөөгө тийиш деди.
Мадридде 11-мартта болгон кылмыш жалгыз бир өлкөгө каршы багытталган жок. Ал Европанын, кандайдыр бир деңгээлде дүйнөнүн бардык атуулдарына каршы жасалган карасанатайлык.
Евробиримдиктин чукул кырдаалдар министрлеринин келээрки аптага белгиленген жыйыныныда Солана биргелешкен коопсуздук чараларын сунуш этет деп күтүлүүдө.