Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:37

17-мартта Карабуура районунда ачык эшиктер күнү өткөрүлдү


ТАЛАС. Аксы окуясынын эки жылдыгына байланыштуу өткөрүлгөн бул иш чарага облус губернатору Искендер Айдаралиев баш болгон облустук жетекчилер катышып, элдин көптөгөн көйгөй суроолоруна жооп беришти. Катуу сын айрыкча Түркия жарандары негиздеп, бирок Бакайата районунда каттоодон өтүп алган "Робин" фирмасынын айланасында жүрдү. Фирманын жетекчилеринин үстүнөн ачылган кылмыш ишинен ушул убакытка чейин жыйынтык чыкпай жаткандыгына эл нааразы болду. Прокуратура жетекчилери бул ишти Башкы прокуратура териштиргендиги менен түшүндүрүштү. Суроо-жооптун олуттуу бөлүгү дыйкандарды жазгы үрөн, жер семирткич, күйүүчү, майлоочу майлар менен убагында камсыз кылуу көйгөйлөрүнө арналды жана элге жардам көрсөтүлөт деген убадалар берилди.

XS
SM
MD
LG