Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:11

Кыргызстан менен Ирандын парламенттери кызматташтыкты чыңдайт


БИШКЕК. Тегеранда Кыргызстандын парламентинин Мыйзам чыгаруу жыйыны менен Иран Ислам Республикасынын Ислам кеңешинин мажилисинин ортосунда кызматташтык жөнүндөгү меморандумга кол коюлду. Бул жөнүндө бүгүн Мыйзам чыгаруу палатасынын маалымат кызматынан билдиришти. Палатанын төрагасы Абдыганы Эркебаев баштаган делегациянын Иранга болгон сапары 15-мартта башталган. Сапар учурунда кыргыз парламентарийлери Ирандын президенти Сейид Мохаммад Хатами, бул өлкөнүн экс-президенти Али Акбар Хашеми-Рафсанжани, бир катар министрлер менен жолугушту. Парламенттик делегациянын Иранга болгон сапары 18-мартта аяктайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG