Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:07

Президент А. Акаевдин Польшага жасаган ырасмий сапары аяктады


БИШКЕК. Бүгүн президент Аскар Акаевдин баштаган делегациянын Польшага жасаган ырасмий сапары аяктады. Сапар учурунда президент Аскар Акаев Польшанын өлкө башчысы Александр Квасневски, премьер-министр Лешек Миллер, парламенттин спикерлери менен жолугушуп, кыргыз-польша бизнес-форумунун ишине катышты. Варшавада Кыргызстан менен Польшанын ортосунда маданият, билим жана илим тармактарындагы кызматташтык боюнча аткаруу программасына, айыл чарба тармагындагы кызматташтыкка ниеттенүү протоколуна, Кыргызстандын өкмөтүнүн алдындагы архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссиянын жана Польшанын инфраструктура министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндөгү макулдашууга, ошондой эле соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-польша комиссиясынын отурумунун жыйынтыктары боюнча протоколго кол коюлду. Бул тууралуу бүгүн президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

XS
SM
MD
LG