Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:09

Аксы окуясында каза болгондорду эскерүү митинги өттү


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Максим Горькийдин эстелиги коюлган аянтчада Аксы окуясынын эки жылдыгына арналган эскерүү митинги өттү. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, жалпысынан 70тен ашуун жакын адам катышты. Митингде 2002-жылдын 17-мартында Жалалабад облусунун Аксы районунда милиция кызматкерлери тарабынан атып өлтүрүлгөн адамдарга багышталган куран окулуп, эскерүү болду. Митингде парламенттин депутаттары Абсамат Масалиев, Адахан Мадумаров, Алевтина Проненко жана башка катышуучулар сөз сүйлөштү. Депутат Бектур Асанов эскерүү жыйынында: «Аксы окуясы болгондугуна эки жыл толду. Бирок бул окуяга күнөөлүүлөр жазалана элек. Ошондуктан күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылган акциялар улантылууда», деди. Митингдин катышуучулары Аксы окуясына күнөөлүүлөр адилеттик менен сот жообуна тартылмайынча бул маселе коомчулук тарабынан козголо берээрин билдиришти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG