Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:03

Европа биримдиктин комиссары Бишкекте жүрөт


БИШКЕК. Европа биримдигинин тышкы байланыштар боюнча комиссары Крис Паттен Борбор Азияга сапарын кечээ Кыргызстанда улады. Бүгүн эртең менен Паттен президент Аскар Акаев менен жолугушаары болжолдонуп жатат. Кечээги жолугушуулардын учурунда Европа биримдигинин өкүлү келерки шайлоонун айкындыгын камсыздоо суранычы менен өкмөткө кайрылды. Паттен ошондой эле Бишкекте 2005-жылга белгиленген парламенттик жана президенттик шайлоо Кыргызстан үчүн чоң сыноо болорун белгилеп, президент Аскар Акаевдин шайлоонун келерки мөөнөтүнө катышпай тургандыгы жөнүндөгү чечимин кубаттады. Европа биримдигинин тышкы байланыш боюнча комиссары буга чейин Казакстанда жана Тажикстанда болгон. Паттен бүгүн сапарын Ташкенди көздөй улаары күтүлөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG