Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:23

Бүгүн Грузин президенти Батумиге барат


БАТУМИ. Грузин парламентинин спикери Нино Буржанадзенин айтымында, Ажария автоном облусунун башчысы Аслан Абашидзе президент Михаил Саакашвили менен жолугууга макулдук берди. Спикердин айтымында жолугушуу бүгүн Батумиде өтөт. Буржанадзе Батумиге кечээ Тбилиси менен Ажария ортосундагы чыңалууну жөнгө салуу багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн барган. Грузия Ажариядан 28-мартта боло турган парламенттик шайлоого байланыштуу президент Саакашвилинин Ажария аймагында эркин жүрүшүнө мүмкүндүк түзүүнү ырасмий Батумиден талап кылып атат.

XS
SM
MD
LG