Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:31

БУУ КУМСА КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН ҮЙ-БҮЛӨЛҮК УКУКТАРЫН КОРГООГО АЛДЫ


1-февралдан тартып Улуттар уюмунда иштеген кумса түгөйлөргө (гомосексуалдарга) кадыресе бүлөлөр сыяктуу жеңилдиктердин берилиши уюмга мүчө ислам өлкөлөрдүн нааразылыгын жаратты. Жеңилдик кумсалык ырасмий түрдө таанылган өлкөлөрдүн гана жарандарына берилген эле. Бу чараны Канада жана Евробиримдиктин мүчөлөрү жакташты. Ислам өлкөлөрү кумсалыкты мартабалуу эларалык уюмдун башкеңсесинде мыйзамдаштыруу үй-бүлө баалуулуктарына залал тийгизет деп кооптонушат.

Улуттар уюмунда иштеген кумса-гомосексуалдардын үй-бүлөлүк укуктарын кадыресе бүлөлөргө теңөө уюмга мүчө ислам өлкөлөрдүн нааразылыгын пайда кылды.

Апта башында Ислам конференциясы уюмуна (кыскача аталышы ИКУ) кирген 56 өлкө Улуттар уюмунун башкатчысы Кофи Аннанды мартабалуу эларалык мекемеде иштеген кумса эркек жана аял жубайларды мыйзамдуу үй-бүлө катары таанып, өз вазийпасына төп келбеген кадамды жасады деп күнөөлөштү жана түшүндүрмө берүүсүн талап кылышты.

Аннан бекиткен жобо боюнча 1-февралдан тартып кумса бүлөлөр башка түтүндөр сыяктуу эле социалдык жеңилдиктерге ээ болушкан. Жеңилдик кумсалык мыйзамый түрдө таанылган өлкөлөрдүн: Нидерландия, Австралия, Жаңы Зеландия, Канада, Швеция, Норвегия, Дания, Финляндия жана Франциянын жарандарына гана берилген.

ИКУга мүчө өлкөлөрдүн атынан Ирандын элчиси Алиреза Түтүнян 15-мартта Башкы ассамблеяда сүйлөп, Кофи Аннандын кумса бүлөлөргө кадыресе эрди-катындар алчу жеңилдиктерди берүү чечимин актап болбойт деди:

- Бул өтө кылдат мамилени талап кылган административдик жана каржылык маселе болгондуктан, биринчи кезекте жана оболу өкмөттөр аралык мекемелер аркылуу каралышыш керек эле.

Дүйнөдөгү эң чоң ислам мамлекети - Индонезиянын өкүлү Сигит Вардоно жаңы убажип (эреже) Улуттар уюмунун тийиштүү комитеттеринде жеткире талкууланбай туруп кабыл алынгандыктан, айрымдар үчүн күтүүсүз окуя болгонун айтты.

Пакистандык дипломат Созаб Аббас индонезиялык элчинин сөзүн жактады жана Улуттар уюмунун кызмат жоболорун өзгөртүү уюм мүчөлөрүнүн вазийпасына кирээрин эскертти:

- Улуттар уюмунун мүчөлөрү арасында туруктуу үй-бүлө түшүнүгү боюнча бир мунаса жок. Биз секретариатты мүчө мамлекеттердин мыйзам укуктарын бузбай сактоого чакырар элек.

Тескерисинче Европа биримдиги менен Канаданын өкүлдөрү Кофи Аннандын кумса кызматкерлердин бүлөлөрүн кадыресе эрди-зайыпка теңеген жарлыгын колдошту.

Канаданын Улуттар уюмундагы элчиси Жерри Крамердин сөзүнчө, Аннан туура чечим чыгарган. Уюм үй-бүлө саясатын өзгөртпөсө, анын кээ бир кызматкерлери өз мекенинде берилчү социалдык жеңилдиктерди алып, экинчи бирөөлөр андан кол жууп калмак. Бул адамдар ортосундагы теңсиздикти шарданаламак.

- Маселе биздин кайсы бир үй-бүлөлүк мамилеге макул келебизби же келбейбизби, анда эмес. Маселе Улуттар уюму улуттук нормаларды колдонуш керекпи деген суроодо. Буга оң жооп болуш керек, - деди Жерри Крамер.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы Роберт МакМахондун билдиришинче, жакынкы айларда кумса эркектер менен кумса аялдардын бүлөлүк укуктары жөнүндөгү маселе Улуттар уюмунун тийиштүү комитеттерде кызуу талкууланат сыяктуу. Бразилия уюмдун адам укугу боюнча комиссиясына кайрылып, адамдарды жыныстык багыты үчүн кемсинтип, инсандык укугун бузган фактыларга көңүл бурууга чакыраарын жарыя кылды.
Баса Түркиянын элчиси Мехмет Сахин Онанер Улуттар уюмунда иштешкен кумса бүлөлүү кызматкерлерге социалдык жеңилдик берүү тууралуу Кофи Аннандын чечимин колдоду.
XS
SM
MD
LG