Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Польша Кыргызстанда завод курууга жардам берээри айтылууда


БИШКЕК. Польша Кыргызстанда курулуш материалдарды чыгаруу боюнча ири заводду куруу иштерине инвестиция салууга даяр. Бул жөнүндө бүгүн кыргыз өкмөтүнүн алдындагы архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Анвар Турсунов «Кабар» маалымат агенттигинде билдирди. Польша менен Кыргызстандын ортосундагы архитектура жана курулуш тармагындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга ушул аптада президент Аскар Акаев баштаган делегациянын Польшага болгон иш-сапарынын учурунда кол коюлду. Анвар Турсуновдун маалыматына караганда, эгерде келечекте Кыргызстанда курулуш материалдары боюнча завод курулса, анын курулуш материалдарын Иран менен Ооганстанга да экспорттоо мүмкүнчүлүгү пайда болот. Кыргыз өкмөтү тарабынан польшалык ишкерлерге турак-жайларды куруу, Жалалабат облусунун Ташкөмүр шаарындао алюминий заводун куруу долбоорлорун ишке ашырууга катышуу сунушталууда. Келечекте Кыргызстанда Польшанын жардамы менен бир нече мектептин да курулушу күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG